Биз менен байланышыңыз

Аматов: «Бишкекте мектептердин 90%ынын кызыл китеби жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Ноя 2019 | 676 | 0

Бишкекте мектептердин 90 пайызынын кызыл китеби жок. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мектептердин жерлери коммерциялык багыттарга берилип кеткен. Анын айынан мекеменин аянты 3 гектар болсо, 1.5 гектарга чейин кыскарган. Ушундан улам, шаардык кеңеш билим берүү мекемелеринин жерлерин мыйзамдаштыруу маселесин карап жатат.

Аматов мындан сырткары, жер берүү тартиби боюнча иштелип чыккан жаңы жобо ачык-айкындуулукту камсыз кыларын белгиледи:

-Буга чейин комиссиянын иштөө ыкмаларында көп көйгөй чыгып келген. Юридикалык жактан талаш маселелер чыккан. Мурдагы жобонун негизинде берилген жерлер көмүскөгө  көп кетип калган. Бул боюнча маселе парламентке чейин көтөрүлдү. Эми жаңы жобо мындай кесепеттерди токтотууга жардам берет, — дейт Аматов.

Айта кетсек, шаардык мэрия жер берүү тартиби боюнча 6 жобо иштеп чыккан, алар учурда коомдук талкууда турат.

Copyright © 2017 Maral FM