Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Ижарага берилген жерлердеги мыйзам бузуулардан 5 млн сом өндүрүлдү

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Ноя 2019 | 637 | 0

2019-жылы Бишкекте ижарага берилген жерлерди инвентеризациядан өткөрүүдө аныкталган мыйзам бузуулардан 22 млн сомго акт түзүлүлүп, анын 5 млн сомго жакыны өндүрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, түзүлгөн актылар Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Андан сырткары мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн ижарачыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

-Ижарага берилген жерлерди инвентаризациядан өткөрүү боюнча шаардагы 12 муниципиалдык территориалдык аймактын дээрлик 90 пайызын бүтүп калдык. Анын натыйжасында, кошумча жерлерди алып алгандар, туура эмес багытта пайдалангандарды жана башка мыйзам бузууларды аныктап чыктык. Ар бир объекти боюнча тийиштүү корутунду жазып, кошумча эсептер эсептелди, — дейт Сагындык уулу.

Ал кошумчалагандай, шаардык мэрия жер берүү тартиби боюнча 6 жобо иштеп чыгып, учурда коомдук талкууда турат.

-Буга чейинки жобо 2011-жылы кабыл алынган. Турмуш, экономикалык шарттар өзгөрүүгө дуушар болуп, жоболорду өзгөртүүгө да убакыт келди. Жободо жер берүү тартибинин шарттарын деталдуу жаздык. Биринчиден, жоболор ыңгайлуулукту жаратат, — дейт Сагындык уулу.

Copyright © 2017 Maral FM