Биз менен байланышыңыз

Электрондук кезектин «ыры менен чыры»

Билим-маданият | 2 Июл 2019 | 799 | 0

Балдарды 1-класска киргизүүдө коррупция көп катталгандыктан, жаңы система ишке кирген. Ал ушул жылдын 16-февралынан тартып пилоттук режимде иштей баштаган электрондук кезек аркылуу каттоо долбоору. Бүгүнкү күндө электрондук кезекке туруунун экинчи баскычы жүрүп, балдарды мектепке кабыл алуу башталды. Жаңы долбоор кандай иш алып барып жатат? Чындап эле коррупция иштери азайдыбы? Бул суроолордун жообу төмөндө: 

Гүлнара Акимбетова 41 жашта. Бишкекте жашайт. Кызын быйыл 1-класска алып барам деп, электрондук кезекке ушул жылдын апрель айында эле туруп койгон. Ушул күнгө чейин так жообун ала албай убара тартып жатканын биздин редакцияга айтып берди.

— Менин 5 балам бар. Эки уулум мектепте окуйт. Быйыл кызым 1-класска барат. Мектепке киргизели десек, электрондук кезек деген эреже кийирип коюптур. Апрель айында эле кезекке турганбыз. Барган сайын артка жылып жатабыз. Август айына чейин күтүп көрөм, болбосо айла жок, уулдарымды киргизгендей акча берем да. Окубай калмак беле?

Ал эми «Балдарды коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова жаңыдан иштеп жаткан электрондук кезекке байкоо салып жаткан учуру. Эгерде августтун аягында көп балдар тизмеге кирбей калса, Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу жасап, ата-энелерге жардам бергенге даяр.

— Өкмөт таза иштеши үчүн ушул долбоор иштелип жатат. Бирок аягы да жыйынтыктуу болушу керек. Буга чейин канчалаган ата-энелер балдарын мектепке бере албай кыйналып, бизге кайрылган. «Бардыгы ачык-айкын таза болот», — деп, үмүттөндүрүп жатышат. Байкоо жүргүзүп жатабыз. Эгерде августтун ортосундагы жыйынтыкта көп адам нааразы болсо, тиешелүү органдарга кайрылабыз.

Билим берүү тармагында коррупция иштери буга чейин деле болуп келген жана боло берет. Мындай ойду шаардык Кеңештин депутаты Рысбай Аматов билдирди. Анткен менен, жаңы кирип жаткан электрондук кезекке туруу системасынын таза жана ачык иш алып барарына ишенет.

— Билим берүү тармагындагы коррупция буга чейин болгон жана мындан кийин деле улана берет. Бирок жаңы системада андай кадамдар болбойт деп жатышат. Ошондо деле, тизмени артка жылдырып жиберүү, жасалма маалымкат берүү болуп жатпайбы? Байкап көрөбүз да, окуу жылында кандай болот? Кандай иштегени ошондо билинет .

Электрондук кезекке туруу долборунда эч кимди артка жылдырып коюуга болбойт. Ал нерсени биз кааласак да, система ага жол бербейт. Бул пикирди «Электрондук кезек» долбоорунун техникалык адиси Төлөгөн Аматов билдирди. «Депутаттардын жана элдин нааразы болуп жатканы, алардын  тааныш-билиштиги роль ойнобой калып жаткандыгы», — дейт ал.

— Бул системага эч ким каалаган убакытта адамды киргизип, же артка жылдыра албайт. Анткени, андай кылганга программа жол бербейт. Коомчулукта айтылып жаткандарга жана буга чейин депутаттардын айткандарына жооп берсем, болгону бул долбоордо тааныш-билиштикке жол жок. Алар буга чейин бир чалуу менен иш бүтүрүп көнүп калышкан да. Эми ойлогондору ишке ашпай, каршылык көрсөтүп чыгып жатышат.

Бала бакчалар, мектептердин бардыгы эртеби-кечпи, электрондук кезекке турууга өтүшөт. Себеби, кезекке тургандар интернет аркылуу бардык жагдайды көзөмөлдөй алышат. Мындай пикирди мурунку Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова айтып, «Эгерде кандайдыр бир адилетсиздик кадамдар байкалса, социалдык түйүндөргө эмес, кат түрүндө тиешелүү органдарга кайрылуу эффективдүү», — дейт.

— Башка мамлекеттер  мындай системага эчак эле өткөн. Биздин Кыргызстанда жаңы нерсени бат эле сындап калышат эмеспи. Эгерде таза жана ачык колдонулса, жыйынтыгы жакшы болот. Болгону коомчулук ар бир жасалып жаткан кадамды байкаганды үйрөнүшүбүз керек. Ошондо гана нааразычылыктар айтылбайт.

Бишкек шаарынын мэриясынын берген маалыматына таянсак, борбор калаадан быйыл 18 миң окуучу 1-класска барат. Электрондук кезекке туруу долбоорунун алкагында 13 миң 87 окуучунун арызы кабыл алынып, 8700 окуучу жаңы система менен мектепке кирген. Учурда электрондук кезекке турууга катталуу бүтө элек. Анүчүн mektep.edu.gov.kg сайтына кирип арыз таштап, катталсаңыз болот. Долбоордун экинчи баскычы ушул жылдын 16-августунда токтотулат.

Copyright © 2017 Maral FM