Биз менен байланышыңыз

Борбордун атын эмес, затын өзгөртсөк…

Коом | 6 Ноя 2019 | 710 | 0

Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын борбор калаага берүү сунушу социалдык тармактарда көтөрүлүп жатат. Бирок айрымдар Бишкектин атын мамлекетти 25 жыл башкарган адамдын атына алмаштыруу туура эместигин айтууда. Анткени ага каражат көп кетерин, эл аралык масштабда аталышы да татаал болуп калат деген пикирлер бар. Талкуу жаратып жаткан маселеге эл өкүлдөр, эксперттер жана коомдук активисттер кандай ойдо?

Жакында эле Бишкек шаары деген аталышты, Чыңгыз Айтматов же Манас шаары деп өзгөртүү керек деген пикирлер айтылып, коомдук талкууга түшкөн эле. Бул маселе эми кайрадан көтөрүлүп, учурда  мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын борбор калаага берүү сунушу социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга түштү. Анда интернет колдонуучулар бул атты чет өлкөлүктөр жаттап кала албайт деген пикир калтырса, кыргыз эли үчүн зор эмгек жасаган адамды унутта калтырбаш керек дегендер да четтен чыгууда. Борбордун аталышын өзгөртүүгө негиз барбы? Каражат маселеси кандай чечилет? Бул суроонун негизинде жооп издедик. Шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов, Усубалиевдин атын борбор калаага берүүгө каршы. Анткени бул кадамга каражат көп керектелерин айтат. Аматовдун пикиринде, башка мамлекеттин адамдарына карап аталыштарды коюнун кереги жок деп эсептейт. Негизги максат маани-маңызында жана жасалган эмгекте.

-Бул маселе оңой-олтоң иш эмес.  Бир нерсени жасаардан мурун фактыларды карап чыгыш керек. Анализ кылуу шарт. Алыс кетпей эле коңшу Казакстанды алып карап көрсөк, борбор калаасын Нур-Султан деп өзгөрттү. Бирок бул чечимге жашоочулары кандай нааразы болду. Ушул сыяктуу пикир келишпестиктер чыгат. Менин оюмча Чыңгыз Айтматов деп берсек туура болот. Бул маселени буга чейин да көтөрүп чыктым эле. Анткени Бишкектеги жолдор СССР убагындагы аталыш менен орус тилинде калып калган. Ал эми башка мамлекеттер үчүн борбор калаанын аталышы оңой айтылыш керек деп, аларга карап коюнун кажети жок. Тарыхта орду чоң, өлкө үчүн бийиктиктерди багындырган адамдын ысымы коюлушу керек да.

Жарандык активист Гүлжигит Исаков да бул сунушту колдобойт. Ал Бишкек шаарына Манас деген атты берүүнү туура көрөт.

-Мен бул демилгеге каршымын. Анткени баары билет Турдакун Усубалиев кезинде жерди өзбектерге ижарага берип, кийин ала албай калган. Менин оюмда Бишкек шаары деген аталышты Манас деп өзгөртүп коюу эң туура нерсе. Ал баатырды баарыбыз билебиз. Эч ким деле каршы болбойт болушу керек. Бирок Кыргызстан мындай өзгөртүүгө азыр даяр эмес. Биздин бюджеттин абалын баарыбыз билебиз. Бул сунуштар балким кийин каралып, аткарылса керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков да Турдакун Усубалиевдин ысымын көчөлөргө, аянттарга гана берүүнү туура көрөт. Бирок борбор калаага берүү маселесин карап-талдап көрбөгөнүн билдирди. Эл өкүлү бүгүнкү күндө Кыргызстанда экономика көйгөйлөрү турганда, борбор калаанын аталышын өзгөртүү актуалдуу маселе эмес деп эсептейт.

-Мен Турдакун Усубалиевдин ысымын борбордун ири көчөлөрүнө, аянттарга берүүгө макул болуп, демилгелеп жүрөм. Бирок борбор калаага берүү маселесин карап көрбөптүрмүн. Бирок учурда Кыргызстан үчүн башкы маселе экономикабызды өнүктүрүп, бир калыпка салып алуу го дейм.

Мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев көзү тирүүсүндө жада калса 90 жылдыгын белгилөөнү каалаган эмес –дейт Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, саясат талдоочу Алмаз Акматалиев. Бүгүнкү күндө борбордун негизги жолдоруна ысымы, облустарга айкелдер коюлуп тиешелүү деңгээлде эле көңүл бурулуп жаткандыгын айтат. Бирок Бишкек деген аталышты өзгөртүп, Усубалиевдин атын берүүнүн кажети жок деп, буларга токтолду.

-Учурда Турдакун Усубалиевге жетиштүү эле көңүл бурулуп жатат го. Айкелдер тургузулуп, аянттарга аты берилип. Ал киши тирүү кезинде жада калса 90 жылдыгын белгилөөнү каалаган эмес эле. Анын үстүнө Бишкек деген аталышты башка мамлекеттер жаттап калды. Белгилүү болуп калды. Бул ишке да кайра кайрылып, аталышты өзгөртүүгө киришсек каражат көп кетип калат. Ошон үчүн азыр кандай болсо, ошондой эле калышы керек го.

Ал эми Бишкектин тургундары бул сунушту кандай кабыл алат? Биздин редакция элдин оюн угуп көрдү.

-Албетте, берилиши керек. Ал адамдын эмгектерин кимдер гана билбейт. 25 жыл өмүрүн Кыргызстанга арнаган. Жада калса орусча аталыштагы көчөлөрдү да алмашытырышыбыз керек.

-Мен каршымын. Ооба ал мамлекеттик ишмер болгон. Өлкөнү өнүктүрүү милдет болчу да. Башка жакка каржат жетпей жатса, ушул сыяктуу эле көйгөйлөрдү көрүп калабыз. Мектептерге, бала бакчаларга көңүл бурсак жакшы болмок.

-Бишкек деле баатыр, Усубалиев да мамлекет үчүн эмгеги зор. Бирок буга чейин деле мындай сунуштар көп эле көтөрүлбөдү беле. Бул деле ушинтип эле калып калат го. 

Эскерте кетсек, борбор калаанын аталышы буга чейин үч ирет өзгөргөн. Тактап айтканда, 1926-жылга чейин Пишпек деп аталып келген. Ал эми 1926-жылдан 1991-жылга чейин Фрунзе деп аталып, эгемендүүлүк алгандан кийин Бишкек деген тарыхый аталышына кайра өзгөртүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM