Connect with us

«Өзбекстанга алмашылган жерлерге терең анализ жүргүзүлгөн эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Мар 2021 | 849 | 0

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча тараптардын көз караштарында айырма бар. Мындай пикирин «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлжигит Исаков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, көп жылдан бери чечилбей келген маселени үч айда чечип коюу мүмкүн эмес.

Өзбек тарап мурда эле Сох анклавына аэропорт салып баштаган. Бирок эч кандай нота берилген жок, реакция болгон жок. Демек, коомчулукка айтылбаган нерселер бар.

«Ала-Букадагы жерибиз боюнча да кеч билдик. Ал жер 2017-жылдын сентябрь айында эле берилип кеткен экен. Мамлекеттик органдар Өзбекстанга караганда 22 гектарга көп жер алганын айтышты эле. Бирок алмашылган жерлерге терең анализ жүргүзүлгөн эмес, ал жерде биздин кен байлыктар бар болчу экен. Бир ишкер 2 гектар жерден 20 млн долларга жакын кен байлык чыгарын айтты, ал мурда лицензия алган экен. Кеминде 25 гектар жерде кен байлык бар. Бул системалуу саясаттын жоктугунан кабар берүүдө. Ар ким өзү билгендей, квартиранттай мамиле кылууда. Кыргызстанга кожоюн керек», — дейт Исаков.

Ал элдин ишеними менен бийликке келгендер аманатка кыянаттык кылып жатканын белгиледи.

Эске салсак, бийликтин Сох, Үңкүр-Тоо боюнча билдирүүсү нааразылык жаратты.

Copyright © 2017 Maral FM