Биз менен байланышыңыз

«Кумтөрдүн» 2026-жылдан кийинки тагдыры

Саясат , Экономика | 21 Янв 2021 | 1162 | 0

Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясы тоо-кен тармагын кирешелүү булакка айландыруу боюнча бир катар сунуштарын берди. Адистер биринчи кезекте, жер казынасын пайдалануу боюнча тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деген ойдо. Коомдук бирикменин өкүлү Дүйшөнбек Камчыбеков мамлекеттин кендердеги үлүшү тууралуу түшүнүктү мыйзамдарга камтуу, кендерди жеке тараптар алып коюп, аукцион аркылуу колдон колго өткөрүү сыяктуу көрүнүштөргө мыйзамдык бөгөт коюу керектигин айтат.

Муну менен катар, тармакты тейлеген өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин тармактарга бөлүп, жалгыз тоо-кен тармагы менен иштеген органды түзүүнү сунуштайт.

«Геология илим изилдөө борборлору менен бирге тоо-кен өндүрүшүн интеграциялап, кесипкөй адистерди иштетүү зарыл. «Жерүй» сыяктуу алтын кендердин келишимин карап чыгып, мамлекет үчүн үлүштүк пайыздарды киргизүү керек. 3 млрд доллар таза киреше бере турган «Жерүй» алтын кенинен мамлекет бир пайыз да үлүшсүз калганы — адилетсиздик».

Бирок Камчыбековдун акыркы сунушу айрым адистердин арасында эки ача пикирди пайда кылууда. Аны айтымында, 2023-жылы «Кумтөрдөгү» алтындын запасы түгөнөт. 2026-жылга чейин калдык сактоочу жайдагы алтынды өндүрүп алат. Бирок жер астында, тоо жээктеринде алтындын запасы кала берет. Камчыбеков эгер «Кумтөр» кени ишин токтотсо, өлкө казынасы үчүн оорчулук жаралат деген ойдо. Андыктан Канада компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын ишин токтотпой, 2040-жылга чейин улантуу зарылдыгын белгилейт.

«Кумтөрдө 45 тоннадай алтын калган. Андан жылына 10 миллиард сом мамлекетке түшүп турат. Анын келишимин узартып, 2040-жылга чейин иштей тургандай кылышыбыз керек».

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев алгач кен жайгашкан жерге чалгындоо жүргүзүп, алтын запасын аныктоо зарылдыгын белгилейт. Эгерде баалуу металлдын запасы айтылгандан көп болсо, «Кумтөр» менен сүйлөшүүгө барып, жаңыча келишимди түзүү кажет.

«Жаңы келишимде биздин кызыкчылык корголуп, андан түшкөн пайда теңме-тең бөлүнүшү керек. Же болбосо аукцион аркылуу башка компанияларга берилиши керек. Кенди кыргыз мамлекети иштетип кетүүсү кыйын, аны иштетүүчү завод, техникаларды алууга күчүбүз жетпейт. Тескерисинче, запас аз болсо, аны зыянсыздандырып, рекультивация иштерин «Кумтөр» компаниясы өздөрү бүтүрүшү керек».

Ал эми экс-депутат Зиядин Жамалдинов кен жайгашкан аймакта металлдын запасы көп болсо, 2026-жылдан кийин кенди Кыргызстан өзү иштетип алса болорун айтат. Ага чейин канадалык компания рекультивация ишин бүтүрсө, анан анын техникалык каражаттарын алып калуу зарыл.

Жарандык активист Нурбек Муктар тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын «Кумтөр» боюнча айткандарын өлкөдөгү саясий оюндарга байланыштырууда. Ал ар бир келген бийлик «Кумтөр» менен сүйлөшүүгө барып, жаңы келишимдерди түзүүгө аракет кылуусу мүмкүн экенин айтат. Ал эми айрым изилдөөлөргө таянып, алтын запасы боюнча Камчыбековдун айткандарын туура эмес деп эсептейт.

«Кумтөр» кениндеги алтын запасы боюнча айрым эсептерди мисал келтирели. 1980-1990-жылдардагы геологиялык чалгындоолор көрсөткөндөй, «Кумтөрдө» 716 тонна алтын болгон. Канадалык компаниянын расмий сайтында жазылгандай, 2020-жылдын 30-сентябрына чейин анын 407 тоннасын чыгарып кеткен. Демек, кенде дагы 309 тонна алтын запасы бар экенин билсе болот. Бул эсептердин тууралыгын Кыргыз Өкмөтүнүн 2013-жылдагы №34 токтому да ырастайт. Токтомдо кенди 3 аймакка бөлүп, болжолдуу 953 тонна алтын, ал эми борбордук бөлүгүндө такталган 716 тонна алтын запасы бар экени жазылган. Бул маалыматтар буга чейин айтылган «Кумтөрдө алтын калган жок» делген сөздөрдү төгүндөйт.

Активист Гүлжигит Исаков жогоруда аталган сандарга таянып, бул маалыматтарды тергөө органдары иликтеп чыгышы керектигин айтат.

«СССРдин мезгилиндеги геологдор бекиткен сандар, «Кумтөрдүн» расмий сайты жарыялаган сандар көрсөткөндөй, кенде алтындын запасы али көп. Айрым саясатчылар: «Алтын калбай калды», — деп айтып жатат. Бул маалыматтарды УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, Финпол сыяктуу органдар өз алдынча иликтөөгө кызыкдар болушу керек. Канадалык компания расмий сандарды аз көрсөтүп, алтынды жашыруун чыгарып кетип жатабы же чынында бийлик жалган маалыматты берип жатабы?»

Анын айтымында, мамлекет кен тармагындагы саясатты толугу менен өзгөртүүсү керек. Баалуу кендерди иштетүүдө элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы экинчи орунда калып калган. Андыктан буга чейинки түзүлгөн келишимдерди карап чыгуу, өндүрүлгөн металлдарды сыртка концентрат түрүндө чыгуусуна бөгөт коюу зарыл.

Алтын кендер: Кечиккен келишимдерден өлкө күн сайын утулууда

«Кумтөрдө» дагы 300 тонна же 18 млрд долларлык алтын бар

 

Copyright © 2017 Maral FM