Биз менен байланышыңыз

Алтын кендер: Кечиккен келишимдерден өлкө күн сайын утулууда (иликтөө)

Саясат , Экономика | 16 Дек 2020 | 856 | 1

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын учурдагы тышкы карызы 4,8 миллиард доллар болсо, анын 1,8 миллиарды Кытайдын «Эксимбанкынан» алынган. Кыргыз Өкмөтү декабрь айынын соңуна чейин аталган банкка 35 миллион доллар төлөшү керек. Учурда өлкөнүн казынасындагы тартыштык 40 миллиард сомдун тегереги экени айтылууда. Мындай экономикалык кризис маалында саясий эксперттер, экономисттер тарабынан кен казуу тармагындагы маселелер кайрадан козголууда. Алар экономикалык кризистен чыгып, карыздардан кутулуунун бирден-бир жолу катары кендердеги келишимдерди кайрадан карап чыгууну сунушташат.

Алардын көпчүлүгү өлкөдө иштеп жаткан алтын кендеринде мамлекетке кала турган пайыздык үлүшү аз экенин айтышат. Биз анда өлкөнүн («Кумтөр», «Макмал», «Талды-Булак-Сол-Жээк», «Жерүй», «Ашуу», «Терек», «Тереккан») алтын кендериндеги каржылык эсептер, үлүштөр жана акыркы статистикалык маалыматтар боюнча иликтеп көрдүк.

Кыргызстанда 2019-жылы башка жылдарга салыштырмалуу алтын өндүрүү рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Анда жалпысынан 26 тоннадан ашуун алтын казылып алынган.

Бюджет таянган «Кумтөр»

Азыркы мезгилде «Кумтөр» кени мыйзамдуу келишимдерге ылайык, өлкө казынасына 13 %, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна 1 % салыктык төгүм аткарат. Ошондой эле кенди иштеткен «Центерра Голд Инк» компаниясында мамлекеттин 26,6%дык үлүшү бар.

Ал эми, компания 16-ноябрда расмий сайтына 2020-жылдын 9 айында Кумтөрдөн 14,5 тонна, тагыраагы, 465 миң 734 унций алтын казып алганын жарыялаган. Ошол маалда дүйнөлүк базарда 1 унций алтындын баасы 1900 долларга чыккан. Буга ылайык, «Центерра Голд Инк» 9 айда казылган алтынды 885 млн АКШ долларына сата алары белгилүү болгон. Минтип дүйнөдө баалуу металлга болгон баа тынымсыз өсүп жатса да, Кыргызстандын «Кумтөрдөн» алган үлүшү, салыктык өлчөмү өтө эле аз экенин саясат талдоочу Айданбек Акматов айтып келет. Ал келишимдер, сүйлөшүү аркылуу кайрадан каралышы керек деген ойдо.

 «Центерра Голд Инк» 9 айда казылган 465 миң 734 унций алтынды 885 млн долларга сатты. Мында өндүрүштүк чыгымдарын эсептесек, «Кумтөрдө» 1 унций алтынды казып алуу үчүн мамлекетке төккөн салыктарды кошо эсептегенде 553 доллар каражат сарптайт. Демек, «Центерранын» 14,5 тонна алтынды казып алуу үчүн кетирген чыгымы 257 млн 550 миң доллар болот. Мына ошондо компаниянын өздүк таза кирешеси 627 млн АКШ долларын түзөт. Муну улуттук валютага айландырганда 53 млрд 324 млн сом. Азыр биринчи кезекте кыргыз мамлекети бул ашкере кирешеден тийиштүү үлүшүн алышы керек. Андан кийин, «Кумтөрдүн» жана башка кендердин тагдырын кароого киришүү керек. Бул кендердин бардыгы коррупциялык жолдор менен берилген. Мындай учурда келишимдерди кайра карап чыгууга эл аралык коомчулук да жок дебейт».

Айданбек Акматов 2003-жылы өлкөнү Аскар Акаев, өкмөттү Николай Танаев жетектеп турган учурда Кыргызстандын «Кумтөрдөгү» үлүшү 67%дан 23 %га түшүп кеткенин билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров 2006-жылы ошол кездеги Экономика жана финансы министри болуп турганда кендеги мамлекеттин үлүшү 33%га көтөрүлгөнүн билдирди. Кийин Убактылуу Өкмөт аны 26,6%га түшүрүп койгон. Акылбек Жапаров өлкө үлүшүн көтөрүп, салыктык ченемди 20%га чейин жеткирүү зарылдыгын белгилейт. Ошондой эле ал бир унций алтындын баасы 1200 доллардан ашкан мезгилде «үстөк киреше» түшүнүгүн киргизип, андан ашкан сумманын 50 пайызын өлкө казынасына түшүрүү сунушун эч бир Өкмөт колдобой келгенин айтат.

«Тилекке каршы, «Кумтөр» кенинин көпчүлүк бөлүгү чет өлкөлүк акционерлерге иштеп келе жатат. «Центерранын» 70-80 пайыз кирешесин «Кумтөр» берет. Кыргызстандын үлүшү өтө аз. Булар дивиденддерин төлөбөй, анын баарын жаңы кендерди сатып алууга жумшап жатат. Абал турукташса, Өкмөт келишимдерди кайра карап чыгуусу керек».

«Кыргызалтын» ААКнын тышкы экономикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Сейдалиевдин айтымында, «Кумтөрдө» дагы 115 тонна алтындын запасы бар. Бирок айрым маалыматтарга караганда бул сандар чындыкка дал келбейт. Компаниянын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Кумтөр кени иштей баштагандан күндөн 2020-жылдын 30-сентябрына чейин 407 тонна алтынды казып кеткен. 1980-1990-жылдардагы геологиялык чалгындоолор көрсөткөндөй, күмүш, ж.б. металлдарын кошпогондо, «Кумтөрдө» 716 тонна алтын болгон. Канадалык компания анын 407 тоннасын чыгарып кетсе, демек, кенде дагы 309 тонна алтын запасы бар экенин билсе болот. Бул эсептердин тууралыгын Кыргыз Өкмөтүнүн 2013-жылдагы №34 токтому да бекемдээрин Айданбек Акматов билдирди. Токтомдо кенди 3 аймакка бөлүп, болжолдуу 953 тонна алтын,  ал эми борбордук бөлүгүндө такталган 716 тонна алтын запасы бар экени жазылган.

 «Ал мезгилде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев эле. Ал «Кумтөрдө» 50-50 үлүш болот деген келишим түзүү аракетин көрүп, келишимге жетип калганда атайлап кызматтан кетирди. Өкмөттү жетектөөнү колго алган Жоомарт Оторбаев да алтын маселесин козгоп, «Директорлор кеңешин алмаштыруу менен Кыргызстандын кызыкчылыгын жогорулатабыз», — деп, сүйлөшүүлөр башталганда, аны да кызматтан кетирген. Андан кийин «Кумтөр» маселесин көтөргөнгө эч кимдин кудурети жетпей калды. Садыр Жапаров депутаттык комиссиянын башчысы катары маселени көтөргөнү менен азыр айткан сөзүнөн кайтып кетти», — дейт Айданбек Акматов.

«Талды-Булак-Сол-Жээк»

Кемин районундагы «Талды-Булак-Сол-Жээк» кенин иштетүүгө биргелешкен кыргыз-кытай «Алтынкен» ЖЧКсы лицензия алган. Ишкананын үлүшүнүн 60%ы Кытайдын «Цзыцзинь» компаниясына, 40 пайызы «Кыргызалтын» ААКсына таандык. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров компания кенди казуудагы түзүлгөн келишимди так аткарбай жатканына нааразы.

«Талды-Булак-Сол-Жээк» кенинде 40%дык үлүшүбүз бар. Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы компания негизи алтынды чыгарып кетиши керек эле, азыр чийки концентрат түрүндө чыгарып кетип жатат. Бул жерде келишим бузулууда. Биз салыктан тышкары өндүрүлгөн алтындын 40%ын өзүбүзгө алып кала тургандай шарт түзүшүбүз керек».

1977–1990-жылдары геологдор кенде 99 тонна алтын, 65 тонна күмүш бар экенин аныктаган. Компания кенди 2015-жылдан бери иштетип келет. Жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги аталган кенде алтындын дагы 70 тоннадай запасы бар экенин маалымдады.

«Ашуу», «Терек», «Тереккан» кени

Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы «Ашуу», «Терек» жана «Тереккан» кендерин Түркиянын «Eti Bakır» компаниясы иштетет. Андан өндүрүлгөн алтындын кирешесинин 75 %ына «Eti Bakır», 25 %ына «Кыргызалтын» ААК ээлик кылат.

«Макмал»

Тогуз-Торо районундагы «Макмал» алтын кенин иштетүү боюнча 2019-жылдын 27-мартында «Кыргызалтын» жана кытайлык «Мансон Групп» ишканасынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлган. Келишим аркылуу «Макмал» алтын комбинатынын базасында биргелешкен ишкана түзүлгөн. Андагы «Кыргызалтындын» үлүшү 30 пайызды түзөт, ал эми «Мансон Групптун» үлүшү — 70 пайыз. Аталган кен буга чейин 1986-жылдан бери иштетилип келген. 1969-1980-жылдарда геологдор 54 тонна алтын запасы бар экенин аныктаса, азыркы учурда 8 тонна алтын калганы айтылууда.

Жогоруда аталган 4 алтын өндүрүүчү кенден башка бир да кенден мамлекет өндүрүлгөн алтындан пайыздык үлүш албайт. Болгону келишимде каралган салыктык төлөмдөрдү аткаруу, жарандарды жумуш оруну менен камсыздоо, өздөрү иштеген аймактардын социалдык-экономикалык абалына көмөктөшүү милдетин гана алышкан. Ал эми, кендердеги акциялардан тышкары, «Кумтөрдөн» башка бир да алтын кени салык жана башка төлөмдөрү тууралуу маалыматты ачык бербей келгенин мурунку вице-премьер-министр, коомдук ишмер Базарбай Мамбетов айтат.

«Кумтөр» компаниясынын төлөгөн салыгы абдан аз өлчөмдө, бирок келишим ошондой түзүлгөн соң, компания жыл сайын өзү канча салык төлөгөнүн жарыялап турат. Кыргызстанда бир да кен казуучу компания салыгын «Кумтөр» сыяктуу ачык көргөзбөйт». 

«Жерүй»

Талас районундагы «Жерүй» алтын кенин иштетүү укугу 2015-жылы Орусиянын «Восток-геолдобыча» компаниясына берилген. Компания сынак аркылуу 100 миллион долларга сатып алганы менен мамлекет андан бир пайыз да үлүшү жок калган. Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков «Жерүй» алтынды өндүрүүдө эң аз чыгымды талап кылган кирешелүү кен экенин айтат.

«Биз сунуш кылганбыз, бирок сынактын шартында мамлекеттин үлүшү болбой калды. Бул жерде сынактык комиссиянын күнөөсү бар. Бизди өкүндүргөнү, кенден 3,5 млрд доллар акча түшсө, анын 1 жарым млрд доллары таза киреше болот. Ошол таза кирешеде мамлекеттин бир да үлүшү жок».

Ал Кыргызстан насыя алып «Жерүйдү» «Кыргызалтын» ишканасы менен дагы иштетип алса боло турганын билдирди. Расмий маалыматтар боюнча кенде 105 тонна алтындын запасы бар.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров маселени жаңы мыйзам кабыл алуу менен чечүү зарыл деген пикирде. Анын айтымында, Өкмөт элдин талабын коюп, саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өндүрүлгөн алтынды бөлүштүрүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп, парламентке алып келиши керек.

«Жерүйгө» келген инвестор — Орусиянын магнаттарынын бири. Аларды таш менен кууп чыга албайбыз. Ошондуктан инвесторду да макулдаштырууга барышыбыз керек. Мындан ары элдин кызыкчылыгын «Кумтөрдөй» берип салып отура бербешибиз керек», — дейт Жапаров.

Талдоочу Айданбек Акматов чет элдик компаниялар ири кирешелерге туйтунуп жатканын, ошол эле учурда өлкөнүн экономикасы өтө оор абалда экенин айтат. Тышкы карыздар өсүп, өлкөнүн казынасындагы тартыштык 40 миллиард сомго жеткен маалда тилемчилик саясатты токтотуп, «Кумтөр» ж.б. кендердин пайдасын өлкөгө кайтаруу зарылдыгын белгилейт.

— Айрыкча, Канада компаниясы ири кирешелерди алып жатат. Башка кендерде да өлкөнүн кызыкчылыгы экинчи орунда калган. Ошол эле учурда Кыргызстандын экономикасы кандай абалда турганы белгилүү. Пенсия, жөлөк пулдарды бере албай жатат. Кошуналарга барып кайырчыдай болуп акча сурап жүрөт. Мындай учурда колубузда турган байлыкка өзүбүз ээ боло албай жатканыбыз өкүнүчтүү.

Экономисттер бул келишимдер аркылуу Кыргызстан күндөн күнгө утулуп, зыян тартып жатканын эскертишет. Мисалы, Кыргызстанда 2019-жылы башка жылдарга салыштырмалуу алтын өндүрүү рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Анда жалпысынан 26,1 тоннадан ашуун алтын өндүрүлгөн. Бул алтынды акча менен эсептесек, 1 млрд 493 млн 129 миң АКШ долларын түзөт. Улуттук валютага которгондо 126 млрд 468 млн 28 миң сом болот. Мында башка баалуу металдар эсептелинген эмес. Ошондой эле ошол жылдагы өндүрүмдөн өлкө казынасына 12 миллиард сомдон ашуун каражат түшкөнү айтылган.

1 пикир

1 пикир

  1. Перизат

    16.12.2020 18:37

    Азамат журналист.Башка журналисттер да ушактын артынан журбой,орчундуу маселелерди которуп,олконун онугушуно салым кошсонор.Дастанбек👍

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM