Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Жер тилкелерин алмашууда эске ала турган жагдайлар

Коом , Саясат | 19 Фев 2021 | 699 | 0

18-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Ал өз сөзүндө алдыда чек ара маселесинде чоң өзгөрүүлөр болуп, чечимдер кабыл алынарын маалымдады. Ошондой эле Тажикстан менен чек араларды тактоо боюнча эки тараптуу жумушчу топтун жолугушуусу март айынын биринчи он күндүгүндө, Өзбекстан менен экинчи он күндүгүндө жанданарын да билдирди. Ал эми чек араны тикен зым менен тосуу иши быйыл, 150 чакырымга аткарылат. Ошол эле учурда чек араны тактоодо жер алмашуу болорун эскертип, элди түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

«Бир аймактан 10 жерди алуу үчүн, тигил жактан 2-3 жерди бергенге туура келет. Муну сиздер туура түшүнүшүңүздөр керек. «Ата-бабам мал багып жүргөн жайлоо эмне үчүн өтүп кетти?» — дебеңиздер. Бул жерден алдырсак, башка жерден алдык. Картаны, документти карап, бир чечимге келебиз. Мисалы, Жалал-Абаддын Ала-Букасынан жер берсек, анын ордуна Сузактан алабыз». 

Дал ушул жер тилкелерин алмашуу маселеси жергиликтүүлөр арасында жана коомчулукта талкууга алынууда. Бул сөздөн улам айрымдар жер алмаштырууда чек ара жетекчилерине ишеним артпай турганын, анын үстүнөн коомдук көзөмөл түзүү зарыл экенин айтып чыгышты. 2010-жылдарга чейин Өкмөткө караштуу Чөлкөмдүк маселелер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, профессор Саламат Аламанов кооптонгон адамдардын оюна кошулбайт, бирок, алмашуу учурунда негизги талаптар эске алынуусу зарыл деп эсептейт.

«Жерди алмашууда алгач анын аянтын, сапатын, ошол жерде жашаган элге ыңгайлуулугун эске алуу керек. Ал жерден алынуучу өндүрүмдөрдүн суммасын эсептеп чыгуу зарыл. Тең, бирдей, пайдалуу болгондой чечимге келүү керек. Ошол маселенин үстүндө иштеп жаткандар жагдайды жакшы түшүнөт. Аларга ишеним артпай, «Өзүбүздүн жерди өзүбүзгө алмаштырат» дегендерге ишенбейм», — деди Саламат Аламанов.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү 17-февралда дал ушул жер алмашуу тажрыйбасы 2017-жылы колдонулганын билдирди. Маалым болгондой, анда Ала-Бука районунун Өзбекстан менен чектешкен аймагындагы талашка түшкөн тилке буга чейин такталган. Анын негизинде Кара-Белес тилкесинен 61 гектардан ашуун жер аянты Кыргызстандын аймагына өткөрүлгөн. Ала-Бука районунун Кош-Болот, Кара-Белес жана Көк-Серек аймактарында делимитацияланган мамлекеттик чек ара 2017-жылдын 5-сентябрындагы «Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө» эки өлкөнүн келишимине жана 2017-жылдын 2-октябрында ратификацияланган №173 мыйзамына ылайык аныкталган. Бирок бул туурасында жергиликтүү элдин кабары жок экени, анда элдин ою, кызыкчылыгы эске алынбаганы айтылууда.

17-февралда Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев, Тышкы иштер, Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү чек ара маселелери боюнча жарандык активисттер жана Баткен, Жалал-Абад облустарынын тургундары менен жолугушуу өткөргөн. Ага катышкан Гүлжигит Исаков бизге төмөнкүлөрдү айтып берди:

«Ала-Букадагы Көк-Серек айыл өкмөтүндөгү алмашууда 22 гектар көбүрөөк жерди алдык деп жатат. Ал 2017-жылы Жогорку Кеңештен ратификацияланган экен. Жергиликтүү элдин андан кабары жок. Өкмөт да элге айткан эмес, түшүндүрүү ишин жүргүзгөн эмес. 17-сентябрдагы жолугушууда тиешелүү органдын өкүлдөрүнө: «Жерди алмаштык деп жатасыңар. Биз берген жерлерге анализ жүргүздүңөрбү? Жердин астында кандай кен байлыктар бар? Анын стратегиялык абалы кандай болчу?» — деген суроолорду узаттык. Бирок аталган жерлерге эч кандай анализ жүргүзүлбөптүр. Алмашыла турган жерге терең анализ жүргүзүү керек болчу. Жогорку Кеңештин азыркы депутаттары да: «Депутат кабыл алына турган чечимге добуш бергени үчүн жооп бербейт», — деген өздөрүнө ыңгайлуу ченемди кабыл алып койгон. Баары бир мамлекеттик, улуттук кызыкчылыктын алдында жооп берет», — дейт Гүлжигит Исаков.

Ал ошондой эле Кыргызстандын эгемендик алган мезгилинен бери өлкө аймагы өзгөрүп кеткенин айтып, аны ошол кездеги калыбына кайра кайтаруу зарыл деп эсептейт.

«Алмашуу иштеринде 1991-жылдагы карта менен салыштыруу керек. Ага салыштырып келгенде биздин жерди алар басып алып, ошол жерди башка жерге алмашып жаткандай фактылар толуп жатат».

Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөрү 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60%га жакыны такталган. Ал эми Өзбекстан менен чек ара 90 %га такталган.

Copyright © 2017 Maral FM