Биз менен байланышыңыз

Аматов: Жол киренин кымбатташына эл каршы

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Янв 2021 | 968 | 0

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов «Маралга» берген маегинде маршруттук таксилерде жол киренин кымбатташына эл каршы болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык кеңеши маршруттук таксилерде жол кирени көтөрүү боюнча бир катар процедуралык маселелерден соң, коомдук талкууга чыгарып, анын негизинде чечим кабыл алат.

Жол кире боюнча маселе шаардык кеңеште каралышы үчүн нарктын өсүшү коомчулукка кандай таасир этери тууралуу Экономика министрлиги анализ, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги корутунду чыгарышы керек.

«Биринчиден, пандемиядан кийин экономикалык абал аябай оорлоп кетти. Мага 8 миң сом айлыкка иштеген мугалимдер кайрылып жатат. Мектеп окуучулары, студенттер да бар. Негизи маршруттук таксилер боюнча чатак көптөн бери чечилбей келет. Компаниялар таза атаандаштык, жаңы жобо менен кириши керек болчу. Бирок ага карабастан, шаардык кеңештин 2013-жылкы чечимин Жогорку Сотко берип, азыркы күнгө чейин соттошуп келет. Маршруттук линияларды мыйзамсыз колдонуп, саботаж кылып жаткандардын ниетин түшүнбөйм», — деди Аматов.

Айта кетсек, 19-январда Бишкек мэриясы маршруттук кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушкандан кийин, жол кирени 15 сомго көтөрүү туура экенин билдирген. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, жол кирени көтөрүү сунушу Экономика министрлигине жиберилерин кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM