Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Жол кире канча сомго кымбаттаары белгисиз

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Янв 2021 | 875 | 0

Маршруттук таксилерде жол кире канча сомго кымбаттаары азырынча белгисиз. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын маалымат катчысы Бекжан Акматбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, маршруттук таксилердин жол киресин 15 сомго көтөрүүнү айдоочулар сунуштады. Эми ал Экономика министрлигине жиберилет да, алар  анализ кылып, карап чыгат. Андан соң белгиленген сумма шаардык кеңешке сунушталат. Анын жыйынтыгында гана так сумма аныкталат.

Айта кетсек, 19-январда Бишкек мэриясы маршруттук кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушкандан кийин, жол кирени 15 сомго көтөрүү туура экенин билдирген. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, жол кирени көтөрүү сунушу Экономика министрлигине жиберилерин кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM