Биз менен байланышыңыз

Мэрия: Автобустун айдоочусу жазаланат

Күн чекит | 4 Окт 2019 | 1022 | 0

Сокулук районунун Күн-Туу айылында № 18 автобуска тепселип, бир окуучу каза болду. Ал Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиясында 5-класста окучу.

Окуяга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Транспорт башкармалыгынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн адиси Бекжан Акматбеков менен «Күн чекит» программасында маек курганбыз.

— Кечээ Бишкекте бир окуучу автобустун алдында калып каза болду. Сиздердин мекеме буга кандай түшүндүрмө берет?

— Айдоочу 1985-жылы туулган. Автобазада иштегенине 9 жылдын жүзү болуп калган. Ал № 18 автобусун бригадири болчу. Каргашалуу окуя учурунда аялдамадан кардарларды түшүрүп жаткан. Акыркы болуп түшүп бараткан 5-класстын окуучусунун кийиминин жиби эшикке илинип калып, дөңгөлөктүн астына кирип кеткен. Кырсык боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов Транспорт башкармалыгы, «Бишкек жүргүнчү автотранспорт» ишканасы, Бишкек троллейбус башкармалыгы, мэриянын транспорт бөлүмү жана Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы менен чукул жыйын өткөрдү. Анда баланын ата-энесине материалдык жана психикалык жардам көрсөтүү тапшырмасы берилди.

— Бул — муниципалдык автобус. Андыктан, айдоочунун жоопкерчилиги каралабы? Кандай чара көрөсүздөр?

— Албетте, чара көрүлөт. Буга чейинки катталган иштер боюнча бир дагы айдоочу жөн калган эмес. Күнөөсүнө жараша ар кандай жазалар берилген. Маселен, иштен убактылуу четтетүү, айып пул салуу ж.б.у.с. Бул окуя боюнча изилдөөлөр жүрүп жатат. Мэрия бул нерсеге алдын ала чара көрө албайт. Юридикалык баа берилген соң, кадамдар башталат.

— Айдоочулар текшерилип турабы? Кандай негизде текшерип, жөнгө саласыздар? Канча убакытта бир текшерүүдөн өтүшөт?

— Текшерүү бизде күндө эле болот. Таң эрте каттамга чыгарда ар бир айдоочу наркологдун кароосунан өтөт. Документтери текшерилет. Ден соолугу талаптарга жооп бергенде гана каттамга чыгат. Мындан сырткары, ай сайын инструктаж өтүп турабыз.

— Мындан аркы кадамдар кандай болот? Иштөө тартиби, коопсуздук маселеси жолго салынабы? 

— Вице-мэр коомдук транспорттогу жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун күчөтүү, бардык каттамга чыккан маршруттук таксилерди, троллейбус, автобустарды дыкат текшерүү боюнча атайын тапшырмаларды берди. Бүгүнкү күндө иштер жүрүп жатат. Ал эми кечээ катталган окуя текшерилүүдө. Жыйынтыгы маалымат каражаттарына таратылат.

Окуучуну тепсетип кеткен автобустун айдоочусу кармалды

Copyright © 2017 Maral FM