Connect with us

Окуучуну тепсетип кеткен автобустун айдоочусу кармалды

Кыска кабар | 4 Окт 2019 | 1244 | 0

Милиция окуучу бала жол кырсыгынан каза болгон окуядагы автобустун айдоочусун Сокулуктун Достук айылынан кармады. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

«Муниципалдык автобустун айдоочусу кармалып, автобус айып жайга киргизилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш башталып, бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалган», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, адам өлүмүнө алып келген окуя кечээ № 18 муниципалдык автобус каттамында болгон. Аталган каттамдын бригадири Н.Серенов башкарган автобус саат 16:00 чамасында Кызыл-Туу бекетинен жүргүнчүлөрдү түшүрөт. 5-класстын окуучусу Мырза Жумакалиев автобустун алдыңкы эшигинен түшүп, бирок кийиминин боосу автобуска илинип калган. Айдоочу аны байкабай, айдап кетип, илинип калган кийим аркылуу бала дөңгөлөктүн астына тартылып кирип кетет. Алган жаратынан өзүнө келе албай 5-класстын окуучусу Бишкектеги травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жан берген.

Маркум №70 мектеп-гимназиясында билим алчу. Атасы курулуш компаниясында, ал эми апасы экономист болуп иштейт. Алар 5 бир тууган болгон, Сокулук районунда турушат.

Copyright © 2017 Maral FM