Биз менен байланышыңыз

Ак-Буурага агып каза болгон индиялык студент мас абалда сууга түшкөн

Кыска кабар | 29 мая 2020 | 1089 | 0

Ош шаарында Ак-Буура дарыясына агып каза болгон индиялык 20 жаштагы студент мас абалында сууга түшкөн. Бул кабарды Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Студент мас абалында түнкү саат 3:00 чамасында сууга чөмүлүүгө түшүп, агып кеткен. Ал шаардын «Юго-Восток» кичи районунда сууга агып, Масалиев көчөсүнөн табылган. Тактап айтканда, 2.5 чакырымдай аралыкка аккан. Маркумдун жансыз денеси бүгүн, 29-майда, эртең менен суудан табылган, — деп айтылат маалыматта.

Факты Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестерине кокустук боюнча катталып, соттук медициналык экспертиза дайындалды. Алдын ала иликтөө учурунда анын денесинен жаракат табылган эмес.

Маркум Ош мамлекеттик университетинин медициналык окуу жайында 3-курста окуп жаткан.

Copyright © 2017 Maral FM