Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан дагы эки бейтап каза болду

Кыска кабар | 4 Июл 2020 | 681 | 0

Өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан 65 жаштагы эркек жаран жана Ноокат аймактык ооруканасынан 74 жаштагы эркек киши каза болгон.

Өлкө боюнча коронавирус пайда болгондон бери жалпы каза болгондордун саны 78 кишини түздү.

4-июлга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 7 094 учурга жетти. Учурда стационарда 670 кбейтап дарыланууда, алардын ичинен 18и реанимацияда. Үй карантининде дарыланып жаткандар 3 632 болсо, ооруканадан айыгып чыгарылгандардын саны 2 714 кө жетти.

Copyright © 2017 Maral FM