Биз менен байланышыңыз

«Реал» футбол клубунун экс-вице-президенти Амадор Суарес коронавирустан каза болду

Кыска кабар , Спорт | 6 мая 2020 | 920 | 0

Испаниянын «Реал Мадрид» футболдук клубунун мурдагы вице-президенти Амадор Суарес 76 жаш курагында коронавирустан каза болду. Суарестин өлүмү боюнча кабарды клубдун расмий сайтына таянып, Marca маалымат булагы жазды.

Экс-футбол чиновниги 40 күн бою аталган илдет менен күрөшкөн.

Амадор Суарес Падышалык клубдун вице-президенттик кызматын 2006-2009-жылдары Рамон Кальдерондун президенттигинин тушунда аркалаган.

Эске сала кетсек, буга чейин «Реалдын» дагы бир экс-президенти (1995-2000-жылдар) Лоренсо Санс коронавирус илдетинен улам 21-мартта 76 жашында каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM