Биз менен байланышыңыз

Автобуска тебеленип каза болгон окуучунун үй-бүлөсүнө мэрия жардам берет

Кыска кабар | 4 Окт 2019 | 676 | 0

Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында автобуска тепселип каза болгон окуучунун үй-бүлөсүнө материалдык жардам берилет.

Бишкек шаар бийлиги автобустун астында калып каза болгон окуучунун үй-бүлөсүнө жардам берет. Вице-мэр Азиз Алымкулов маркум Мырза Жумакалиевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам берүүнү, маркумду жерге берүү зыйнатын уюшутурууга көмөк көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мындан сырткары, Алымкулов эң оболу баланын ата-энесине психологиялык жардам берүүнү тапшырды.

Адам өлүмүнө алып келген окуя кечээ № 18 муниципалдык автобус каттамында болгон. Аталган каттамдын бригадири Н. Серенов башкарган автобус саат 16:00 чамасында Кызыл-Туу бекетинен жүргүнчүлөрдү түшүрөт. 5-класстын окуучусу Мырза Жумакалиев автобустун алдыңкы эшигинен түшүп, бирок кийиминин боосу илинип калган. Айдоочу аны байкабай, айдап кетип, илинип калган кийимдин боосу аркылуу бала тартылып кетип, дөңгөлөктүн астына кирип кетип, каза болгон.

Маркум №70 мектеп-гимназиясында билим алчу. Атасы курулуш компаниясында, ал эми апасы экономист болуп иштейт. Алар 5 бир тууган болгон, Сокулук районунда турушат.

Copyright © 2017 Maral FM