Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүүнү сунуштады

Коом | 24 Янв 2019 | 759 | 0

Бишкекте коомдук транспорттун жол киресин кымбаттатуу сунушталууда. Ага ылайык, жол акыны борбордогу автобус жана троллейбустарда электрондук билет менен 8 сом, эгер нак төлөнсө 10 сом болмокчу. Ал эми маршруттук кичи автобустарда 12 сомго көтөрүү каралууда. Бул сунушту шаардык кеңеш карап чыкмакчы. 

Бишкек мэриясы маршруткадагы жол кире акысын 12 сомго көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу мэриянын транспорт бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Жусупов билдирди.

Анын айтымында, бул демилгени эми шаардык кеңеш карап чыгышы керек.

-Бүгүн чечим чыгарып, эртең тарифти жогорулатып жиберүү мүмкүн эмес. Биз жол кирени эки сомго жогорулатууну сунуштадык. Маршрутка айдоочулары мындан сырткары, экинчи катардан кайрылып, жүргүнчүлөрдү каалаган жерден алып, түшүрүүнү суранышты. Биз муну дагы карап жатабыз. Инфляция, күйүүчү май кымбаттады. Ошондуктан сунуш киргизилди.

Жол акыны борбордогу автобус жана троллейбустарда электрондук билет менен 8 сом, эгер нак төлөнсө 10 сом болмокчу. Ал эми маршруттук кичи автобустарда 12 сомго көтөрүү каралууда.

Шаардык мэрия белгилегендей, жол кирени жогорулатууга маршруттук автоунаалардын айдоочулары макул.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Канат Мүзүралиев жол кирени көтөрүү сунушуна каршы.

Анын пикиринде, биринчи жол кирени электрондук төлөм кылып киргизип, аны иштетип көрүү керек. Андан соң бааны көтөрүүнүн концепциясын түзүү зарыл.

-Жол кире кандайча жана кандай программа менен көтөрүлөт? Кайсы этапда кандай болуп көтөрүлүшү керек? Азыр жол кирени көтөрүүнүн негиздемеси жок. Шаардык кеңештин депутаттарынын баары эле сунушка каршы. Биринчи мэрия маршруттук таксилерди бөлүп берүү үчүн тендерлерди өткөрүүсү керек. Мэриянын да маршруттук кичи автобустардын иштөө мөөнөтү боюнча саясаты болууга тийиш.

Жол кирени кымбаттатуу боюнча акыркы чечимди шаардык кеңеш чыгарат. Бирок депутаттар мэриянын бул сунушун качан карай турганы белгисиз.

Укук коргоочу Рита Карасартова жол кирени көтөрүүгө эч бир негизди көрбөй эле турат. Эгерде мыйзамдын чегинде баа көтөрүлө турган болсо, анда коомчулук деле макул боло турганын кошумчалады.

-Негизи биздин мамлекеттик мекемелер биринчиден маалымат жагынан утулушат. Элдин баары чуу салып баштагандан кийин актана башташат. Мэрияда алдын ала эрежелерин түшүндүрсө, эл деле туура кабыл алып түшүнөт.

Айта кетсек, Бишкек шаарында элди ташыган 2900дөй күчү автобуз бар. Мындан тышкары, 110 троллейбус жана 120 автобус жүргүнчү ташыйт.

Copyright © 2017 Maral FM