Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жол кирени 2 сомго жогорулатуу сунушталды

Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 812 | 0

Бишкек шаардык мэриясы маршруттук таксилерде жүрүүнүн жол акысын 2 сомго жогорулатууну сунуштады. Бул тууралуу мэриянын транспорт бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Кубан Жусупов маалымдады.

Мэрия Бишкек шаардык кеңешине кечки саат 21:00гө чейин 12 сом, 21:00дөн кийин 14 сом кылууну сунуштады.

Ал эми пенсионерлер үчүн 1 сомго жогорулашы мүмкүн. Пенсионерлер үчүн жол акысы ушул тапта 5 сом.

Акыркы 6 жылдын ичинде Бишкек шаарында коомдук транспорттордо жол кире акысы өзгөргөн эмес.

 

Copyright © 2017 Maral FM