Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Жол кирени көтөрүү маселеси кайсыл чекте?

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Фев 2021 | 1311 | 0

Маршруттук таксилердин айдоочуларынын жол кирени көтөрүү талабы боюнча маселенин үстүнөн мекемелер аралык комиссия иштеп жатат. Алардын корутундусу эки жуманын ичинде Экономика жана финансы министрлигине жиберилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын жол транспорттук инфраструктурасынын башчысы Шаршенбек Алиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Министрликтин анализинен өткөн соң, шаардык кеңештин депутаттары колдоп берсе, жол кире көтөрүлүшү мүмкүн. Азырынча айдоочулар мурунку режимде иштеп жатышат. Дароо бааны көтөрүүгө да болбойт, элдин мүмкүнчүлүгүн да карашыбыз керек. Тарифтерди өзгөртүү боюнча коомдук талкуу да жүрүп жатат», — дейт Алиев.

Маектин жүрүшүндө көрөрмандан күйүүчү майдын баасын түшүрүп, жол киренин баасын өзгөртпөө сунушу берилди.

Алиев күйүүчү майлар боюнча маселе да каралып, нарк мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүп жатканын маалымдады.

Ал белгилегендей, коомдук транспортту жакшыртуу — биринчи орунда чечилүүчү маселелердин катарында. Мекемелер аралык комиссия автобустардын санын көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Кошумчалай кетсек, учурда шаарда күнүнө 100 чоң автобус, 120 торллейбус каттамга чыгат. Коомдук каттамдын 70%ын маршруттук таксилер аткарат.

Copyright © 2017 Maral FM