Биз менен байланышыңыз

Электрондук билет карталары октябрда берилет

Күн чекит | 24 Сен 2019 | 1182 | 0

Бишкек мэриясынын карамагына кирген коомдук унааларга электрондук билет системасы ишке киргизилет. Аны ишке ашыруу боюнча тендерди Швейцария компаниясы утуп алган. Алгач бул система пилоттук негизде иштейт.

Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова «Күн чекит» программасынын алкагында электрондук билет тууралуу маалымат берди.

Марал: — Электрондук билеттер качантан тарта колдонууга берилет жана аны кайсы компания ишке ашырат?

Гуля Алмамбетова: — Бишкек шаарындагы коомдук унааларды электрондук билетке өткөрүү долбоору былтыр башталган. Чоң тендер өткөрүп, ага 5 компания катышкан. Анда швецариялык «BPC AG» компаниясы утуп алган. Долбоорго ылайык, бардык чыгымды ушул компания каржылайт, Бишкек мэриясы акча коротпойт. Болгону уюштуруу маселесине жардам берип жатабыз.

Учурда бул системанын өзүнүн түзмөгү бар, аны валидатор деп коет, мына ушул түзмөктү 10 троллейбус, 10 автобуска жайгаштырдык. Аларды тесттик режимде октябрь айынын ортосуна чейин иштетип көрөбүз. Мисалы, «Ар бир аялдамада кандай шарт жаралат? Жапырт киргизгенде ыңгайсыздык пайда болбойбу?» деген жагдайларды текшерип көрөбүз.

Марал: — Электрондук билеттин кандай түрлөрү бар?

Гуля Алмамбетова: — Бирдиктүү төлөм картасынын 3 түрү бар. Мисалы, жашыл түстөгүсү жеңилдиктер каралган (льготный) карта болот. Ал окуучулар жана пенсионерлер үчүн жасалган. Быйыл Бишкекте 167 миң окуучу мектепке барды, ошондо ар бир окуучунун өзүнүн электрондук билети болот. Бул билетте окуучунун жеке маалыматтары камтылат. Бирок ал мектептин базасында гана сакталат, кооптонууга негиз жок.

Марал: — Окуучулар үчүн шарттары кандай болот? Мисалы, канча сомго алат жана ал акчаны канча убакыт колдонот?

Гуля Алмамбетова: — Окуучу бир жолу алган картаны окуу жылынын аягына чейин колдоно алат. Эгер бир айлык билетти сатып алса, ичинде 175 сому болот. Ошондо 30 күн ичинде каалашынча колдоно берет. Кээ бир мектепке жакын жашаган окуучулар билет сатып алууга мажбурланбайт.

Биз эң биринчи кезекте окуучуларга арналган электрондук билеттерди чыгарабыз. Аларды 20-октябрга жакын таратабыз.

Марал: — Дагы кандай артыкчылыктары бар?

Гуля Алмамбетова: — Электрондук билеттин дагы бир нече категориялары бар. Мисалы, 2012-жылы бекитилген жол кире акысынын тарифтери сакталат. Жол кире кымбаттап кетсе, карточкадагы акча учурдагы тариф менен бериле берет.

Ошондой эле, майып жарандар, пенсионерлер бул карточканы акысыз колдонушат. Акысыз карточканы 7 жашка чейин балдар да колдонот. Бул жеңилдикти Кыргызпочтасы мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери да жумуш учурунда пайдаланат. Себеби, алар кагаз, документ ташып көп жерлерге каттайт.

Биз ушул сыяктуу категорияларды биринчи кезекте даярдап жатабыз. Ошондо жашыл түстөгүсү окуучуларга, кызыл түстөгүсү пенсионерлерге, майыптарга, Кыргызпочтасынын кызматкерлерине берилет, мындан тышкары, жалпы колдонуу үчүн көк түстөгү билеттер даярдалып жатат.

Желимден жасалган билеттин баасы бир айга 50 сом, кагаздан жасалганы 40 сом, бир айлык жол жүрүүнүн картасы 495 сом болот. Мурун жарандар жол кирени тыйын менен төлөп ыңгайсыздык жаралып келген. Ошондой эле бир нече ийримдерге барган баланын жол киреси бир күндө 54 сом болуп кетчү, эми ушул билеттин ичиндеги төлөм менен эле каалашынча каттай берет.

Электрондук билеттин акчасын ай сайын бирдик салгандай эле кайра жүктөсө болот.

Марал: — Маршруттук таксилерге да ушундай системаны киргизүү сунушталдыбы?

Гуля Алмамбетова: — Азырынча электрондук билетке өткөрүү системасы Бишкек мэриясынын карамагындагы троллейбус, автобустарга киргизилет. Ал эми жеке компаниялар менен сүйлөшүү жүргүзсөк, азырынча баш тартып жатышат. Бирок азыркы күндө бир нече жеке ишкер 227-131-маршруттук каттам муниципалитеттин карамагына өттү. Биз аларга да электрондук билет системасынын түзмөктөрүн дароо орнотуп беребиз.

Copyright © 2017 Maral FM