Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 5-каттамдагы автобустар каттабай турат

Коом | 9 Янв 2020 | 803 | 0

«Көлмө» конушунун активисттери № 5 автобустук каттамдын чыгуусун талап кылышууда. Бишкек мэриясынын шаардык унаа башкармалыгы 2019-жылдын 25-декабрында № 5 автобустук маршруттун каттамын белгисиз себептер менен жүргүзбөй салышкан деп айтып чыгышты. Ал эми Бишкек транспорт башкармалыгы алардын айткандарын четке кагып, № 35 автобуска кошумча № 25 маршруттук каттамды да кошконун айтат. Активистердин айтымында, мэрия «Шыдыр Жол KG» компаниясы менен түзүлгөн 5 жылдык келишимди мөөнөтүнөн эрте токтотууну көздөгөн. Аталган компания келишимди узартууга кол коюлбаса, № 5 автобусттук каттам ишке чыкпай турганын билдирди.

№5 автобусттук каттам “Көлмө” конушунан 12 кичирайонго чейин каттайт. Башкача айтканда, борбордун түндүк-түштүгүн  бириктирген бирден бир жалгыз маршрут. Андан сырткары, башка каттамдар менен жүрө турчу №35 автобус жана кошумча №25 автобусттук каттам иштейт.

Демилгечи топтун мүчөсү, «Көлмө»конушунун тургуну  Сүлөсүн Тотонова мэрияга бул боюнча бир канча ирет кайрылганын айтып, мэрия өз кызыкчылыгын ойлоп маселени чечпей жатканын айтып, нааразычылыгын жашырбай:

Сентябрь айынан бери мэрияга кайрылдык, бизге дагы деле жооп берише элек. Эмне үчүн мэрия автобусту токтотот? Бизге бул боюнча жооп берип, маселени бир жумада чечип берсин. Эгер чече албаса, кызматтарын тапшырып кетишсин. Биз митингге чыкканга чейин барабыз. Бул жерде бир гана активисттер талапты билдирип жатсак, артыбызда бизди колдогон миңдеген адамдарыбыз турат, — деди. 

Шаардык транспорт башкармалыгынын  жетекчиси Болот Тезекбаев «Шыдыр Жол КG» компаниясынын ишмердүүлүк мөөнөтү бүткөнүн айтып, келишим боюнча 12 автобус чыгарышы керек, бирок 5 автобусту гана чыгарып жатканын билдирди:

-«Шыдыр Жол КG» компаниясы менен тыгыз иштешип келебиз. Аларга бардык шарттарды түзүп берип келебиз. Биз тараптан чыкпасын деген билдирүү болгон эмес. Компания менен сүйлөшкөнбүз, 12 автобус чыгаруу боюнча, бирок ноябрь айында 5 автобус чыгарган. Албетте, эл нааразы болот. Компания келсин, мен кол коюп берем, — деп суроого жооп берди.

2016-жылдын 16-декабрында Шаардык унаа башкармалыгы жана «Шыдыр Жол КG» ЖЧКсы жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө ишмердүүлүктү ишке ашыруу тууралуу меморандумга кол коюшкан. Мындан сырткары, 2018-жылдын 6-декабрында муниципалдык маршрутту 5 жылга пайдалануу тууралуу келишимге кол коюлган. Бирок, былтыр 23-июлда линиянын ачылыш күнүндө башкармалык келишимди мөөнөтүнөн мурда эрте токтотуу тууралуу билдирүү жасап, себебин ачыктаган эмес.

«Шыдыр Жол КG” компаниясынын директору Токтобүбү Оуерхалина келишимге кол койбосо, каттамга чыкпай турганын жашырбады:

-Биз сентябрдан бери мыйзамсыз иштеп жатабыз. Келишимге кол коюп берүүсүн суранып, 2 жолу кат менен кайрылганбыз. Алар тескерисинче, бизге бут тосуп жатышат. Келишиимге кол коюлуп, мөөнөт узартылса ишке чыгып баштайбыз. Учурда 12 автобус каттамга чыга элек, айдоочулар эс алып жатышат.   

Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетова жеке менчик компания болсо да муниципалдык ишканага тиешелүү автобусттарга коюлган талаптарды аткарышы керек дейт. Ошондой эле №5 автобусттук каттамды токтотууга мэрия тараптан эч кандай бут тосуу болбогонун билдирип:

Биз мыйзам чегинде бардык маселеге жооп берүүгө даярбыз. Биз «Шыдыр Жол КG» компаниясына база бөлүп бергенбиз, бирок өздөрү контракка кол коё элек. Жеке менчик болсо да муниципалдык ишканага тиешелүү болгон бардык жүргүнчү ташуучу унаалар биздин көзөмөлдө болот. Ал эми активисттер айтып жаткан маалымат туура эмес, автобус чыгат. Биз бул конушка кошумча №25 маршруттук каттамды да чыгарганбыз, — деп маалымат берип кетти.   

Бишкек мэриясынын карамагына кирген коомдук унааларга электрондук билет системасы  2020-жылдан тарта ишке кирет деген убада болгон. Борбордо 2 миң 300 маршруттук коомдук транспорт кызмат кылат. Алардын 41и жеке ишканаларга тиешелүү.

Copyright © 2017 Maral FM