Биз менен байланышыңыз

Шайлообек Атазов: Мага мандат элдин үнүн угузуу үчүн керек

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 1021 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоо жана өлкөдөгү саясий абал боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

Ал өз кайрылуусунда президенттин шайлоонун таза өткөрүү боюнча берген убадасын эске салып, бирок ал максатты айрым талапкерлер бузуп койгонун белгиледи.

«Төлөйкөн шайлоо округунда бир нече мыйзам бузуу фактылары менен кармалган, 10 миң, 150 миң сом кармап тургандары видеого түшүп калган депутат Нурбек Алимбековдун жээни, штаб жетекчисинин акча таратуу фактысы боюнча айыбын тергөөчү далилдеп, тастыктап, сотко өткөргөн. Бирок Ош шаардык прокурорунун орун басары Куттубек Токтосунов: «Ишти жарым саат ичинде кыскарткыла», — деген буйрук берип жатат», — деди Шайлообек Атазов.

Ошондой эле ал Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, Ош шаардык прокурорунун орун басарынын аракетине баа берүүнү өтүндү.

Эл өкүлү 17 миң шайлоочу өз каалоосу менен добуш бергенин, аларга бир сом бербегенин кошумчалады.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын орун басары Абыл Алимкулов тергөөчүнү кысымга алып, сотко өткөрбөй жатканын айтты.

Бүгүн далилденген кылмыш ишин кыскартуу аракети болуп жаткандыктан, сотко алып барып соттун чечими чыкса, ошого макул боло турганын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM