Биз менен байланышыңыз

Атазов: Кыргызстандын олимпиадалык курама командасында бир гана спорттук врач бар

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1278 | 0

Учурда Улуттук олимпиадалык команданын жалпы абалы, машыктыруучулардын айлыктары, тамак-аш, витаминдердин абалы мактанарлык эмес. Кыргызстанда Олимпиадалык курама командада бир гана спорттук врач бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айтымында, спортчуларга Өкмөт тарабынан жетиштүү түрдө көңүл бурулбай жатат.

«Өкмөт тарабынан ушул олимпиадалык оюндарга 106 млн каралган экен, бирок азыркы күнгө чейин 16 млн сомдун тегерегинде гана каражат бөлүп, андан ары чечпей жатыптыр. Азыр Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги авиакомпаниялардан, санаториялардан 45 млн сом карыз. Өкмөт башчыга кирдим, ал күндөлүгүнө чечем деп жазып алды, бирок жыйынтык жок» , — деди эл өкүлү.

Мындан сырткары ал алдыда Францияда, Португалияда өтө турган лицензиялык оюндарга даярдык эле эмес, катышпай калуу коркунучу турганын эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM