Биз менен байланышыңыз

Louis Vuitton компаниясынын президенти дүйнөдөгү эң бай адам аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Янв 2020 | 1142 | 0

Адеми жана люкс буюмдарды өндүрүүчү көп улуттуу франциялык Луи Виттон (Louis Vuitton) компаниясынын президенти Бернар Арно Forbes журналынын дүйнөдөгү миллиардерлер тизмесинде 2020-жылдагы жыйынтык боюнча биринчи орунга чыкты.

70 жаштагы Арно жана анын үй-бүлөсүнүн байлыгы азыркы учурда 117 млрд. долларды түзөт. Компаниянын жетекчиси ири онлайн сатуучу байлыгы 115,6 млрд доллар болуп бааланган «Амазон» компаниясынын президенти Жефф Безосту кууп жеткен. Ал эми үчүнчү орунда Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс 110,6 млрд. доллар байлыгы менен турат.

Forbes журналынын маалыматы боюнча, Арно биринчи жолу 2019-жылдын декабрь айында дүйнө жүзү боюнча бай бизнесмендердин тизмесинин сап башына келди. Бир күн ичинде анын байлыгы 1,8 млрд. доллардан — 109,6 млрд. долларга  чейин өскөн. Ошентип Жефф Безосту болгону 100 млн долларга ашып өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM