Биз менен байланышыңыз

Louis Vuitton компаниясы атырлардын ордуна антисептик каражаттарын өндүрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 705 | 0

Атыр жана косметикалык каражаттарды өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири эсептелген Louis Vuitton ишканасы Франциядагы үч фабрикасында антисептикалык спрейлерди чыгара баштайт. Бул тууралуу компаниянын өкүлдөрү кабарлады.

Маалыматка караганда, антисептик гелдерин өндүрүп, мамлекетке берүү чечимин компаниянын жетекчиси Бернар Арно кабыл алган. Өндүрүлгөн заттар бекер жеткириле турган жайлардын арасында Париждеги 40 оорукана бар. Компания алгачкы жумада  бактерияга каршы 12 тонна каражат өндүрөт деп күтүлүүдө.

Адистер буга чейин коронавирус жуктуруп алуу тобокелдигин азайтуу үчүн колду самындап жууп турууну же бактерияга каршы антисептиктерди колдонуу керектигин билдиришкен. Вирус дүйнөгө жайыла баштагандан соң адамдар жапырт түрдө антисептик спрейлерин сатып ала башташкан.

Францияда коронавирустан 150дөй киши өлүп, илдетти жуктургандардын саны 6633төн ашты.

Кошумчалай кетсек, жыпар жыттарды жана люкс буюмдарды өндүрүүчү көп улуттуу франциялык Луи Виттон (Louis Vuitton) компаниясынын президенти Бернар Арно Forbes журналынын дүйнөдөгү миллиардерлер тизмесинде 2020-жылдагы жыйынтык боюнча биринчи орунга чыккан.

70 жаштагы Арно жана анын үй-бүлөсүнүн байлыгы азыркы учурда 117 млрд. долларды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM