Биз менен байланышыңыз

Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын бешилтигинен чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2020 | 698 | 0

Америкалык ишкер, ойлоп табуучу жана Tesla менен SpaceX компанияларынын  негиздөөчүсү Илон Маск бир күндө 16,3 миллиард долларын жоготуп, дүйнөдөгү эң бай адамдардын бешилтигинен чыкты. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.

Bloombergдин айтымында, миллиардердин байлыгы азыр 82,2 миллиард долларды түзөт, бул алтынчы орунга туура келет.

Миллиардердин байлыгынын мындай кескин төмөндөшүнө Тесла акцияларынын төмөндөшү себеп болууда. 8-сентябрда  электромобилдерди чыгаруучу компаниянын акциялары бештен бир бөлүгүн жоготуп, 21,06 пайызга түшүп калган.

1-сентябрда эле акциялардын баасы үч эсе кымбат болгон.

Рейтингде биринчи орунда 186 миллиард доллар байлыгы менен «Амазондун» башчысы Жефф Безос, экинчиде Майкрософт корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс (121 миллиард доллар), үчүнчүдө Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг (103 миллиард доллар) турат.  Төртүнчү орунда учурда Louis Vuitton Moët Hennessy тобунун президенти Бернард Арно (85,5 миллиард доллар), ал эми бешинчи орунда инвестор  Уоррен Баффет турат, анын байлыгы 82,4 миллиардга бааланган.

Copyright © 2017 Maral FM