Биз менен байланышыңыз

Facebook күнүгө миллион фейк аккаунтту өчүрүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 893 | 0

«Фейсбук» социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү Марк Цукерберг күн сайын администраторлор миллиондой фейк аккаунтту өчүрүп жатышканын билдирди. Бул тууралуу ал Мюнхендеги коопсуздук конференциясында айтты.

«Учурда биз күнүгө миллиондон ашуун жалган аккаунттарды өчүрүп жатабыз. Алардын негизги бөлүгү шайлоолорго таасир этүүгө аракет жасаган мамлекеттик субъектилер менен байланышта эмес. Алар түрдүү иш жасоону көздөгөн спамерлер жана кишилер. Бирок, албетте, өкмөттүк кампаниялардын бир бөлүгү болгондор да бар», – деди Цукерберг.

Анын айтымында, «Фейсбук» 2016-жылы АКШда өткөн шайлоолордогу жаңжалдан кийин колдонуучулардын активдүүлүгүнө байкоо жүргүзүү саясатын жана алгоритмин өзгөрткөн. Анда Орусия шайлоо кампаниясына кийлигишүүгө, бул иште “Фейсбукту” да колдонууга айыпталган. Мындан соң Цукерберг Конгрессте көрсөтмө берген жайы бар.


Фейсбуктан баш тартсак эмне болот?


Цукерберг буга чейин билдиргендей, 2016-жылдан тарта “Фейсбук” жарнама саясатын да өзгөрткөн. Саясий жарнама берүүнү каалаган ар бир колдонуучу уруксат алып, жеке маалыматтарын жана жашаган жерин тастыкташы керек. Жарнама лентада так белгиленип, колдонуучулар ал үчүн ким акча төлөгөнүн көрө алышат.

Copyright © 2017 Maral FM