Биз менен байланышыңыз

Орусия Гугл, Фейсбук жана Твиттерге ири өлчөмдөгү айып салды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 мая 2021 | 834 | 0

Орусия Гугл менен Фейсбукка 20 миллион (267 миң доллар), Твиттерге 24 миллион рубль (320 миң доллар) айып салды. Буга аталган социалдык тармактардын Орусиянын маалымат каражаттары жана байланыш көзөмөлдөөчү органы тарабынан тыюу салынган билдирүүлөрдү алып салбаганы себеп болгон.

Орусиянын ЖМКларды көзөмөлдөө ассоциациясынын маалыматы боюнча, январь-февраль айларында социалдык тармактарда уруксатсыз жана мыйзамсыз иштерге катышууга үндөгөн 2500дөн ашык учур байкалган. Бул мыйзам бузуу юридикалык жактарга 800 миңден 4 миллион рублга чейин айып салууга алып келет. Кайра мыйзам бузулган учурда айып пул компаниянын жылдык кирешесинин ондон бир бөлүгүнө көбөйтүлөт.

Буга чейин Москванын Таганский соту Твиттерге бир күндө мыйзамсыз маалыматтарды системалуу түрдө өчүрбөгөнү үчүн үч жолу айып салганы маалымдалган. Айыптардын жалпы суммасы 8,9 миллион рублди түздү.

Орусиянын Монополияга каршы кызматы да «Apple» компаниясына антимонополдук мыйзамдарды бузганы үчүн 906 миллион рубль (12 миллион доллар) айып салды.

Copyright © 2017 Maral FM