Биз менен байланышыңыз

Чоробек Сааданбек «Мен кыргызмын — Кытай» катасы тууралуу түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 1061 | 0

Google котормочунун «Мен кыргызмын — Кытай» катасы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, көпчүлүк нааразычылыгын билдиришүүдө. Аталган браузерден катаны оңдоо боюнча «Биздин мурас» коомдук фондусунун жетекчиси Чоробек Сааданбек өзүнүн «Фейсбук» баракчасына билдирүү жасаган.

«Google Котормочу — статистиканын негизинде иштейт. Каталарды өзгөртүүүнүн бирден бир жолу — аны оңдоп, туура вариантын сунуштоо. Туура вариант сунуштагандар канчалык көп болсо, ката ошончолук бат оңолот», — деп жазган Сааданбек.

Ошондой эле, ал провокация эмес экендигин да  түшүндургөн: «Бул провокация болушу мүмкүнбү? Жок, ал үчүн уңгу болгон «кыргыз» сөзүн алып карап көрсөк болот. Же «мен кыргызмын» деп кыскартсак — «I, Kyrgyzstan» башын туура эле болжоп келатат», — деп билдирген Чоробек Сааданбек.

Эске салсак, акыркы бир жума аралыгында социалдык тармактарда Google котормочунун «Мен кыргызмын — Кытай» катасы кызуу талкууланып, көпчүлүк нааразычылыгын билдирип келүүдө.

Катаны оңдоо:

Браузерден!!! (Google Котормочу колдонмосунан эмес) https://translate.google.com/ дарегине өтүп «мен кыргызмын» деп жазып, котормону «я кыргыз» деп өзгөртүп кошуп коебуз. Негизги тил — англис тили. Ошондуктан англисчеге которуп дагы I’m Kyrgyz вариантын кошо кетсе болот.

Copyright © 2017 Maral FM