Биз менен байланышыңыз

Аттестат даярдоодогу алешемдик

Билим-маданият | 25 Июн 2019 | 927 | 0

Социалдык тармактарда «бүтүрүүчүлөрдүн мектепти аяктаганы тууралуу аттестаттары ката жазылган» деген талкуу болуп жатат. Журналист Тынчтык Алтымышев Фейсбуктагы баракчасына ката жазылды делген аттестаттын сүрөтүн кечээ 24-июнда жайгаштырып, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын дарегине бир топ сын жазган. Аталган министрлик буга чейин да ката жазылган аттестаттарды тараткан деген пикирлер айтылып келет. 

«Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттарындагы «жалпы билим  жөнүндө» деген жерге «н» тамгасынын ордуна «ң» тамгасы жазылып калганын алгачкылардан болуп Нарын шаарынын мугалимдери байкап, сүрөттөрүн жөнөттү», — дейт журналист Тынчтык Алтымышев. Ал республиканын башка аймактарынан да сураштырып, аларда да ушундай эле көрүнүш байкалганын айтат. Ошондон кийин, Фейсбук баракчасына жайгаштырган. 2017-жылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттары да ката жазылганын белгилеп, буларга токтолду:

— Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысына чалсам, Марина деген эжебиз алып, «Эч кандай ката эмес! Силер кыйкым издеп жатасыңар. Ал жерде  «н» тамгасы жазылып турат», — деди. Мен бул маселени Фейсбукка жарыялаганга аргасыз болдум. Атайын жасалды дегенге болбойт, бирок мамлекеттик деңгээлдеги шалаакылык. Жоопкерчиликсиздиктин жыйынтыгы.

Бул суроолорду тактоо үчүн Билим берүү жана илим министрлигине байланышка чыкканыбызда, министрликтин маалымат катчысы: «Аталган маселеге мамлекеттик үлгүдөгү документтерди басып чыгаруу укугун тендердик негизде алган «Учкун» ачык акционердик коому жооп берет», — деп тим болду.  Ал эми «Учкун» басмаканасынын кызматкерлери жооп берүүдөн баш тартышты.

Билим берүү министрлигине аттестат боюнча сын айткандар жөн гана министрдин ордуна кызыккандар болушу мүмкүн. Мындай пикирди  билим берүү министрлигинин байкоочу кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Тажыбай билдирди. Анын пикиринде, жаңы басылып чыккан аттестаттарда эч кандай ката  жок, жөн гана үлгү катары алынган тамгалардан техникалык мүчүлүштүктөр кеткен. Андыктан, мындай майда кемчиликтерди басмакана менен министрликтин тиешелүү адамдары жоопкерчиликке алыш керек.

— Министрлик күнөөлүү дегенден алысмын. Бул боюнча ката кетирген жооптуу адис жооп бериши керек. Ката кетти деп айтууга болбойт. Болгону «д» тамгасы жакын жазылгандыктан, «н» тамгасы «ң» болуп көрүнүп калган. Комиссия мунун текшерип өткөрүп алышы керек эле.

Жарандык активист Замир Айылчиевдин пикиринде, мамлекеттик маанидеги документ иштерине кош көңүл мамиле кылуу — шалаакылык. Кайталанып жаткан каталар бул тармакта татыксыз адамдар иш алып барып жатканын далилдейт. «Ал эми, аттестаттагы каталар боюнча тиешелүү адамдар мыйзам чегинде жооп бериш керек», — деп, буларга токтолду:

— Эки тамга маселе эмес деген кептер да болду. Эки тамга эмес, бир үтүр да маанилүү деп ойлойм. Ошондуктан, дыкаттык менен карап чыгып, анан басмага берсе болмок. Кетирген каталарын «боёк тамган» деп атышат, менимче, тиешелүү адистердин кесепетинен болуп жатат. Экинчиси, бул жерде каржы маселесине байланыштуу атайын жасашы да ыктымал. Мунун арты менен ортодон акча өөнөп калуунун амалы болушу мүмкүн.

 Эскерте кетсек, аттестаттарды ката басып чыгаруу боюнча буга чейин да коомчулукта талкуу болуп, Билим берүү жана илим министрлиги жана мамлекеттик үлгүдөгү документтерди басып чыгарган ишканалар сынга кабылышкан.

Copyright © 2017 Maral FM