Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Шайлоо жөнүндө мыйзамда ката бар

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Окт 2020 | 1047 | 0

Боршайкомдун мурдагы мүчөсү, экс-депутат Ишенбай Кадырбеков парламент бийлик менен элдин ортосундагы өкүлчүлүк милдетти аткаргандыктан, ар бир аймактан өкүлдөр келиши керек деп эсептейт. Мындай пикирин саясат талдоочу «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

 — Кечээги элдин толкушуна 7 пайыздык босого баллдын таасири бар. Негизи парламент — бул: өкүлчүлүк бийлик. Биз өзүбүздү демократиялык мамлекет дегенден кийин, бир түшүнүк бар да — эл бийлиги деген. Эл өзүнүн бийлигин өкүлдөрү аркылуу шайлайт. Бул 7 пайыздык балл менен, жок дегенде 500 миң жарандын добушу жокко чыгарылып калат дагы, саналуу гана, 40 пайыздын тегерегиндеги гана шайлоочунун өкүлдөрү отуруп калат да парламентте. Бүгүн ошондой болуп атпайбы?! Ошондуктан өкүлчүлүк бийлик болгондон кийин, босого балл 1 %дын тегерегинде болушу керек, — дейт экс-депутат.

Кадырбеков бул пайыздык ченемди бийликтеги айрым күчтөр өз кызыкчылыгын ойлоп, башка партиялардын бийликке келишин каалабай, мыйзамга киргизгенин кошумчалады. Ал эми коомдо кызуу талкууланган «Форма №2» маселесинде мыйзамда каталар бар экенин белгиледи.

— «Форма №2» командировкага кетип, же стационардык ооруканада жатып калган учурда бериле турган укук. Бирок, бул мыйзамда так жазылбай калган да, ал жерде мындай жазылган: «Жаран каалаган жерде добуш бергенге укуктуу», — деп, абсолюттук укук берилип калган. Бул туура эмес, мыйзамдын катачылыгы. Жарандарга кайсы учурда «Форма №2» колдонсо болот, ушуну мыйзамда так көрсөтүш керек. Менин оюмча, командировкага кетип калсаң, чет өлкөдө иштеп же ооруканада дарыланып жатсаң, ошол укукту колдоно тургандай кылып өзгөртүү киргизиш керек. 

Бул жагдай Борбордук шайлоо комиссиясын дагы тынчсыздандырып турат. Буга чейин БШК шайлоонун босого баллын 3-5%га жана шайлоо күрөөсүн 1 миллион сомго төмөндөтүп, «Форманы №2ни» облустар ичинде жоюп салуу сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылган. Ал эми өткөн шайлоого катышкан партиялардын моралдык жоопкерчилиги эми караларын билдирген.

Эми кайрадан шайлоо 6-ноябрга чейин белгиленет. БШК 20-декабрга белгилөөнү сунуштап жатат. Бирок, ага чейин Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизиши керектигин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM