Биз менен байланышыңыз

Министр: 2021-жылдан тарта китептердеги кемчиликтер жоюлат

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Ноя 2020 | 1422 | 0

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде мектептерде окуу китептеринин жетишсиздиги каражатка такалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, окуу китептерин тейлөөгө жылына 600 млн сом керектелет. Бирок 2021-жылга 120 млн сом каралды. Ага керектүү болгон китептердин 20 пайызы гана басылат.

«Окуу китептериндеги каталарды эч ким мойнуна албай, мазмунга жооп берген бирдиктүү тармак болгон эмес. Бул көйгөйдү жоюу үчүн министрликтин алдында «Окуу китеби» аталышындагы мекеме негизделди. Алар 2021-жылдан тарта иштей баштайт. Бирдиктүү саясат менен китептердеги кемчиликтер жоюлат. Жаңы жылдан тарта окуу китептеринде өзгөрүү болот деген үмүттөбүз», — деди Бейшеналиев.

Copyright © 2017 Maral FM