Биз менен байланышыңыз

Twitter жыл ичиндеги эң көп талкууланган темаларды атады

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 788 | 0

«Twitter» социалдык баракчасы 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарып, эң көп талкууланган темаларды атады.

Жыл ичинде эң көп талкуу жараткан алдыңкы он орунга төмөнкү темалар кирген:

  • Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүндө чыккан өрт;
  • Брексит (Brexit)боюнча келишим;
  • Япониянын бир топ бөлүгүн каптаган «Хагибис» тайфуну;
  • Амазониянын токойлорунда чыккан өрт;
  • Кытайдын Гонконг шаарында болгон нааразычылык акциялары;
  • Климаттык нааразылыктар;
  • Жаңы Зеландиянын Крайстчёрч шаарындагы мечиттеги терракт;
  • АКШдагы демократтардын шайлоо алдындагы дебаттары.

Ал эми жыл ичиндеги эң көп талкууга алынган саясатчыларга төмөнкүлөр кирди:

  • АКШнын президенти Дональд Трамп;
  • АКШнын экс-президенти Барак Обама;
  • Индиянын премьер-министри Нарендра Моди;
  • Америкалык саясатчы Александрия Окасио-Кортес;
  • Бразилиянын президенти Жаир Болосонару;
  • АКШнын сенатору Берни Сандерс;
  • Америкалык саясатчы Хиллари Клинтон;
  • АКШнын мурдагы вице-президенти Джозеф Байден;
  • Франции президенти Эммануэль Макрон;
  • Орусиянын президенти Владимир Путин.

Copyright © 2017 Maral FM