Биз менен байланышыңыз

Цукербергдин байлыгын азайткан бир күндүк «ката»: Окуя кандай болду?

Блог | 5 Окт 2021 | 3158 | 0

Өткөн дүйшөмбүдө Facebook, Instagram жана WhatsApp жапырт иштебей калганы маалым болду. Facebook компаниясы да иштин үзгүлтүккө учураганын ырастады. ТАСС агенттиги бул окуя тууралуу бир канча тараптын маалыматын, пикирин чогулткан.

Facebook боюнча

Downdetector сервиси чыгарган маалыматка ылайык, Facebook тиркемеси Европа, Азия, Түндүк жана Түштүк Америкада иштебей калган.

Аталган тармактын колдонуучулары Facebook сайты иштебей жатканын, кийин Instagram тиркемеси иштебей калганын байкашкан. Whatsapp колдонуучулары да серверге туташа албай, байланыш үзүлгөнүн кабарлап жатышты.

Бул учурда жогорудагы 3 платформага ээлик кылган Facebook компаниясынын кызматкерлеринин байланышуу үчүн иштеген ички сайты да иштебей калган. The New York Times бул учурда кызматкерлер кеңсеге бара албай жатканын да жазды. WhatsApp компаниясынын кызматкерлери да өздөрү үчүн колдонгон мессенджери иштебей жатканын айтышкан.

Ошондой эле АКШдагы интернет колдонуучулары Gmail, Snapchat жана YouTube, Netflix, Zoom, Viber, Outlook платформалары да ачылбай жатканын кабарлашты. Bank of America банкынын онлайн кызмат көрсөтүүсү да мурдагыдай болбой,T-Mobile, Verizon жана AT&T, Spectrum интернет провайдеринде да мындай катаны байкашкан.

Telegram тиркемеси көп аймакта иштеп турганы менен айрым өлкөлөрдө үзгүлтүккө учураган. АКШ жана Мексикадагы колдонуучулар иштебей жатканын айтканы менен, компания мындай көрүнүш айрым гана аймактарда болуп жатканын айтып, олуттуу катачылык жок деп ишендирди.

Социалдык тармактардагы көйгөй Twitter тиркемесине да жетти. АКШ, Канада, Англия, Франция сыяктуу өлкөдөгү интернет колдонуучулар сайттын жана уюлдук тиркеменин жакшы иштебей жатканын, пикир калтыруу бөлүмүндө маселе жаралганын айтып арызданышкан. Кийин аталган компания заматта эле колдонгондор көбөйгөнү үчүн оорчулук болгонун, көйгөй чечилгенин кабарлады.

1 күндөгү чоң жоготуу

Жапырт үзгүлтүккө учурагандыктын айынан америкалык ири компаниялардын акциялары арзандап кетти. Алардын арасында Facebook, Twitter, Alphabet жана Amazon бар.

Марк Цукерберг Forbes сайтынын «Дүйнөнүн учурдагы миллиардерлери» көрсөткүчү боюнча бир күндө $6,4 млрд жоготту.

Иштебей калышына эмне себеп?

Downdetector сервиси бул окуяны тарыхтагы эң масштабдуу үзгүлтүккө учуроо деп эсептеди. The New York Times Фейсбуктагы кызматкерден алган маалыматын чыгарды. Атын атабаган кызматкердин айтышынча, бул кандайдыр бир киберчабуул болушу мүмкүн эмес. Себеби Facebook, Instagram, WhatsApp тиркемелеринин түзүлүшү ар башка жана аларга бир учурда бирдей чабуул коюу акылга сыйгыс.

Group-IB мындай үзгүлтүк Фейсбук менен байланышкан DNS каттоолордун каттоолордун багыттык тизмесинен өчүп кеткени болушу мүмкүн деп божомолдойт. Брайан Кребс аттуу киберкоопсуздук тармагындагы адис да ушундай пикирин айткан.

ArsTechnica порталы бул жерде инженердин катачылыгы да болушу мүмкүн экенин, эч кандай киберчабуулдун белгиси байкалбай турганын жазган.

Азырынча расмий маалымат айтыла элек.

Copyright © 2017 Maral FM