Биз менен байланышыңыз

АКШда «Фейсбук» тууралуу сериал тартылып жатат

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 11 Фев 2022 | 7761 | 0

«Мета» (Facebook) компаниясынын ишин чагылдырган сериал тартылат. Бул тууралуу АКШнын кабелдик жана спутник телекөрсөтүү тармагы билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары жазды.

Сериал «Кыямат машинасы» деп аталат. Анда социалдык тармактын ийгиликтери эмес, акыркы жылдары анын айланасында орун алган чуулгандуу иштер чагылдырылат. Арасында 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоодо «Фейсбукка» тарап кеткен жаңылыш маалыматтын жараткан көйгөйү, VIP колдонуучуларга социалдык тармактын эрежелерин сактабоого мүмкүндүк берген XCHECK программасынын пайда болушу сыяктуу маселелер да бар.

Мындан тышкары Instagram тармагынын өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгына тийгизген таасири жана Марк Цукербергдин коомго Facebook жаңылыктар лентасы аркылуу позитивдүү окуяларды жайылтуу аракети кандай болору көрсөтүлөт.

«Кыямат машинасы» сериалы компания тууралуу биринчи кинодолбоор эмес. 2010-жылы Дэвид Финчердин «Социалдык тармак» аттуу тасмасы тартылган. Анда «Фейсбуктун» жаралуу тарыхы баяндалган. Цукербергдин ролун Жесси Эйзенберг аткарган. А бирок компаниянын директору Шерил Сандберг тууралуу сөз болгон эмес.

Ал эми бул сериалда «Мета» компаниясынын аткаруучу директору Шерил Сандбергдин ролун британиялык белгилүү актриса Клэр Фой ойнойт. Ал эми Марк Цукербергдин ролун ким аткарары расмий айтыла элек. «Кыямат машинасы» сериалы элге качан көрсөтүлөрү да белгисиз бойдон калууда.

Copyright © 2017 Maral FM