Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө эң көп кайрымдуулук кылган миллиардерлер

Блог | 22 Мар 2019 | 4634 | 1

Кандай дин болбосун же коом, муктаждарга кайрымдуулук кылууга үндөйт. Ошондой эле ар дайым кайрымдуулук жасоо да адамдын ички дүйнөсүнөн келип чыккан берешендикти талап кылат. Дүйнөдө акчалары сан жеткис миллиардерлер  көп. Бирок алардын арасынан өтө чоң суммада жана ар дайым кайрымдуулук иштери менен алектенген үлгүлүү инсандар бар. Алардын бул аракети чынында эле башка бай адамдарга үлгү боло турган. 

Билл Гейтс

Фото: Getty Images

Америкалык бизнесмен Билл Гейтс дүйнөдөгү эң бай адам катары жана эң кайрымдуу инсан катары да таанымал. Ал дээрлик 20 жылдай дүйнөдөгү эң бай адамдардын сап башында туруп, кайрымдуулук иштерин да үзгүлтүксүз аткарууда. Ал жубайы менен биргеликте  “Билл жана Мелинда Гейтс” эл аралык кайрымдуулук фонду аркылуу 2010-жылы кедей өлкөлөргө жардам  берүү максатында 10 млрд доллар бөлгөн. Ал эми ВИЧ, безгек, шал илдеттеринин алдын алуу, ажаткана салуу сыяктуу глобалдык маселелер үчүн жалпы 30 млрд доллар сарптаган.

Уоррен Баффет

Фото: AP Photo/Nati Harnik

Дагы бир миллиардер Уоррен Баффет да өзүнүн кайрымдуулук иштери менен таанымал. «Ар бир тармактан акча жасаганды билген адам» атка конгон Баффет, кайрымдуулукта да тармак тандабайт. Ал өзүнүн акцияларынан түшкөн кирешенин 5%ын ар түрдүү кайрымдуулук фонддоруна берип турат. Ал жакын досу Билл Гейтсти колдоп, «Убада берем» акциясын да уюштурган. Анда ал байларды байлыгынан кайрымдуулукка жумшоого чакырган. Анын жалпы кайрымдуулугу 25 млрд долларды чапчыйт.

Ингвар Кампрад

Фото: TT News Agency/Claudio Bresciani via REUTERS

Өтө карапайым турмушта жашоону жактырган шведдик миллиардер Ингвар Кампрад да кайрымдуулук темасына жакын. Ал өмүрүнүн аягына чейин эски унаа, жупуну үй жана жөнөкөй мебелдерди колдонгон. Жадагалса жумушчуларын да сарамжалдуулукка үндөп, ак барактын эки бетин тең колдонууга чакырган. Анын байлыгы 40 млрд долларга жеткенде да ал сарамжалдуулуктан баш тарткан эмес. Ошого карабай IKEA негиздөөчүсү өзүнүн Stichting INGKA Foundation фонду аркылуу кайрымдуулук иштерин жасап, өзүнүн акциясынан түшкөн кирешесин фондко которуп турган.

Майкл Блумберг

Фото: EPA/CHRISTOPHE PETIT TESSON

Дээрлик 40 миллиард доллардын ээси Майкл Блумберг кыйын ишкер, бизнес-эксперт  жана берешен инсан. Ал негизинен өпкө ооруларын дарылоого көмөк көрсөткөнү менен таанымал. Мындан сырткары шал, астма ооруларын дарылоого жалпы 4,2 млрд доллар бөлгөн. Ошондой эле жаштарды чегүүдөн баш тарттырууга байланыштуу долбоорлорго ар дайым көмөк көрсөтүп келет.

Ал-Валид бин Талал

Фото: REUTERS

Саудиялык канзаада 2015-жылы дүйнө миллиардерлеринин кайрымдуулуктарынан таасир алып, өзүнө тийиштүү делген 32 млрд доллардын баарын кайрымдуулукка бөлгөн. Анда негизинен аялдардын укугун коргоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга жумшалары айтылган. Бирок, азырынча бул кайрымдуулук ишинин толук отчету бериле элек.

Алишер Усманов

Фото: Михаил Метцель/ТАСС

Теги өзбекстандык болгон орусиялык миллиардер Алишер Усманов да кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашырып келет. Ал спорт, анын ичинен көркөм гимнастика менен футболго көп акча бөлөт.  Ал Орусияда жана Өзбекстанда көптөгөн спорт имараттарын салган. Ошондой эле Өзбекстандагы «Өнүккөн айыл» долбооруна да 50 млн доллар кайрымдуулук жасаган.

Марк Цукерберг

Фото: AP Photo/Eric Risberg

Facebook негиздөөчүсү, жаш миллиардер Марк Цукерберг да эң чоң кайрымдуулук жасаган инсандардын бири. Ал кыздуу болгондон кийин өзүнүн акцияларынын 99 (!) пайызын кайрымдуулукка жумшаарын билдирген. 34 жаштагы миллиардердин байлыгынын 60-70 млрд доллар экенин эске алганда, азырынча бир да адам мынчалык ири кайрымдуулук жасай элек. Ал жубайы Присцилла Чанг менен биргеликте жаш балдардын саламаттыгына байланыштуу тармактарга көмөк көрсөтүп келет.

Copyright © 2017 Maral FM