Биз менен байланышыңыз

Короновирустун кесепетинен дүйнөдөгү миллиардерлердин 80 пайызы жабыр тартууда

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Фев 2020 | 770 | 0

Коронавирустун дүйнө жүзүнө тарашы менен Жеф Безос, Бил Гейтс, Бернар Арно, Элон Маск жана Марк Цукерберг сыяктуу чоң капчыктуу адамдар тез убакыттын ичинде миллиардаган акчаларынан куру жалак калышты. Bloombergдин рейтинги боюнча 2020-жылы дүйнөдөгү миллиардерлердин 80 пайызынын бизнеси артка кеткен. Алардын көпчүлүгү Кытайда пайда болгон коронавирустун айынан болгон экономикалык төмөндөө болгондугун айтып чыгышкан. Carnival Corpтун жетекчиси Мики Арисон болуп көрбөгөндөй жоготууларга учурады. Дал ушул фирмага Diamond Princess круиздик лайнери таандык болуп эсептелет. Лайнердин бортунда SARS-CoV-2 коронавирусу козгогон СОVID-19 пневмониясын жугузуп алган адамдардын саны эң көп катталган. Акыркы жуманын ичинде эле Арисон 1 миллиард долларынан кол жууган.

Bloomberg басылмасы ошондой эле, Нью-Йорктогу биржада Dow Jonesтун индекси өткөн жумада 12 пайызга төмөндөп кеткенин жазып чыкты. Бул 2008-жылдагы финансылык кризис убагынан берки беш күндүн ичиндеги каржылык кыйроо болгонун эскертти.

Орус бизнесмендери бир күндүн ичинде 6 миллиард долларын жоготушту.

Ала арада орусиялык Forbes Орусиядагы эң бай делген адамдардын байлыгы биржадагы кыйроодон кийин 6, 058 миллиард долларга азайганын жазды. Өзгөчө “Лукойлдун” бенефициары Вагит Алекперов 1,6 миллиард долларынан кол жууган. “Норникелдин” жарым ээси Владимир Потаниндин байлыгы 1,4 миллиард долларга азайган. “Новатеканын” жетекчиси Леонид Михельсон 1,2 миллиард долларынан айрылган.

Worldometer сайтынын маалыматын караганда, COVID-19 пневмониясынан айыккан адамдардын саны 39538ге чыккан. Ал эми 2924 адам бул илдетин айынан жан таслим болушкан. Жалпы ооруп жаткандардын саны 85212 адамды түзгөн. Учурда вирус дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүнө жана аймактарына тараган.

 

Copyright © 2017 Maral FM