Биз менен байланышыңыз

Цукерберг Канададагы парламенттик жыйынга келбей койду

Дүйнө , Кыска кабар | 28 мая 2019 | 730 | 0

Фейсбук социалдык тармагынын жана компаниянын башчысы Марк Цукерберг жана аткаруучу директору Шерил Стэндберг Канададагы парламенттик жыйынга катышкан жок. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирген.

Маалыматка ылайык, комитет «Маалыматтардын коопсуздугун сактоо, конфиденциалдуулук жана демократия» темасында талкуу жүргүзөрү пландалган.

Комитеттин төрагасы Боб Циммер CNN каналына берген маегинде, Цукерберг менен Сэндбергдин жыйналышка келбегени Канада парламентине жасалган сыйлабастык экенин айткан.

«Эч ким колуна кишен салып, зордоп алып кетип калбайт. Бирок алардын жыйынга келбей, бүткүл өлкөнү жокко чыгарганы коомчулукта оң көрүнүш катары бааланбашы анык», — дейт Циммер.

Парламент көптөн бери эле Цукербергдин жыйынга катышуусун каалап келет. Бирок, Фейсбук корпорациясынын жетекчиси бүгүнкү күнгө чейин бир гана АКШ Конгрессине көрсөтмө берүүгө макул болгон жана Европарламенттин отурумуна катышкан. Ал эми башка өлкөлөрдөгү чогулуштарга дайыма кызматкерлерин жиберип келет.

Copyright © 2017 Maral FM