Биз менен байланышыңыз

Президент Ричард Вагнерди Канада күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 496 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда Канаданын генерал-губернатору Ричард Вагнерди жана Канада элин кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан Канада күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

«Кыргызстан менен Канаданын ортосундагы достук мамилелер өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде мындан ары да бекемделет деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Садыр Жапаров Ричард Вагнерге чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Канада элине тынчтык, бакубат жашоо жана өнүгүүнү каалады.

Copyright © 2017 Maral FM