Биз менен байланышыңыз

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам сөз эркиндигине каршы иштейт

Коом , Саясат | 25 Июн 2020 | 790 | 0

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору сөз эркиндигине шек келтириле тургандыгы жана өтө тездик менен Жогорку Кеңеште каралып жатканы коомчулукта кызуу талкууга алынды. Бирок бул мыйзамдын демилгечиси депутат Гүлшат Асылбаева жасалма аккаунттар жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү үчүн колдонулушу мүмкүн экенин айтып, аны тескөө менен маалыматтык талааны тазалоону көздөп жатышканын билдирүүдө. Ошол эле учурда жарандык коом өкүлдөрү мыйзам долбоору Орусиядан көчүрүлүп алынганын, ал мыйзам 2014-жылы блогерлер үчүн кабыл алынып, мыйзамды аткара албай 2017-жылы жокко чыгарышканын айтууда.

Мыйзамдын негизги максаты — катары жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталгандыгы жазылган.

Бул долбоордун айрым беренелерине кайрылсак: Документте интернет колдонуучулардын, сайт жетекчилеринин, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган.

  • 4- беренесинин 2- пунктунда Интернет түйүнүндөгү сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ээси ага юридикалык жактан маанилүү билдирмелерди жөнөтүп туруу үчүн Интернеттеги өзүнүн сайтына же сайттын баракчасына фамилиясы менен инициалдарын, электрондук дарегин жайгаштырууга милдетүү.
  • 6-беренесинде Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Интернетте жалган же анык эмес маалыматтын жайылтылышын болтурбоо боюнча чараларды көрүшөт.
  • Жалган же анык эмес маалымат аныкталган учурда мыйзамдардын сакталышына мониторинг кылган, Интернетти пайдаланууга байланышкан мамилелерди жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган провайдерге же сайттын ээсине, же сайттын баракчасынын ээсине карата жалган же анык эмес сындуу белгилери бар маалыматка жетүүнү сотко чейинки чектөө жөнүндө чечим чыгарат. Эгерде Интернетке чыккан маалымат жалган болсо, Маданият министрлиги аны сотко чейин эле чектей алат деп көрсөтүлгөн.
  • 7-беренесинде провайдер Кыргызстандын аймагында Интернет түйүнүнүн колдонуучуларынын үнү менен жазылган маалыматтарын, жазуу тексттерин, сүрөттөрүн, добуштарын же башка электрондук маалыматтарын кабыл алуу, берүү, жеткирүү жана (же) иштеп чыгуу фактылары жөнүндө маалыматты жана ушул колдонуучулар жөнүндө маалыматты мындай иш-аракеттер аяктаган учурдан тартып алты ай ичинде сактап турууга, ошондой эле аталган маалыматты Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген учурларда сот органдарына, Кыргызстандын коопсуздугун коргогон же ыкчам-иликтөө ишмердигин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдарга берүүгө милдеттүү.

Мыйзамдын максаты демилгечи депутат Гүлшат Асылбаеванын түшүндүрмөсүндө

Гүлшат Асылбаеванын айтымында, бул мыйзам долбоорунда эч кандай сөз эркиндиги чектелбейт. Болгону ар бир катталуучу аты-жөнүн, электрондук почтасын, инициалдарын жазып, авторизация болуш керек. Ушундай жол менен фейк аккаунттар жок болот. Аларга эч кандай чектөө жок, алар өзү каалаган оюн жаза алат. Эгерде бир жаранга карата туура эмес маалымат таратылса, караланган жарандын Өкмөткө кайрылуусу менен маалыматтын так же так эместиги аныкталат. Жарандардын кайрылуусунан кийин гана Өкмөт  ыйгарым укук берген орган кайрылган жаранга жардам берүү максатында провайдерлерге кайрылып, маалыматты ким жазгандыгын аныктоого жардам берет.

Асылбаева кошумчалагандай,  мыйзамдын негизги максаты аккаунттарда жарандар өздөрүнүн чыныгы аты-жөнүн жазып, башка адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоого багытталган.

Мыйзам долбоорду депутаттарда да талаш-тартыштарды жаратты

Жыйындын жүрүшүндө депутаттарды Кыргызстандагы бүгүнкү кризистик абалда 13 млрд сом дефицит болуп жатканда, аталган мыйзамдын аткарылышын камсыздоого акча бөлүү канчалык актуалдуу болгону ойго салды. Эл өкүлү Дастан Бекешов бул мыйзам долбоорунун коомчулукка жана өлкөгө терс таасирин тийгизе тургандыгын белгилеп, мыйзам долбоорду четке кагыш керектигин билдирди.

Май айында саламатттыкты сактиоо министрлиги коронавирустун азайгандыгын билдирген болчу, бирок алар жалган айтыптыр, себеби коронавирус азыр көбөйүп жатат. Мына ушул сыяктуу эле биз туура деп ойлогон маалыматтар белгилүү бир убакыттан кийин жалган болуп калышы мүмкүн, — деди Бекешов.

Ошондой эле эл өкүлү Наталья Никитенко да аталган мыйзам долбооруна каршы экендигин билдирип, элдин негизги байлыгынын бири сөз эркиндиги экендигин белгилеп, мамлекет тарабынан сөз эркиндигине цензураны киргизүү физикалык, техникалык жана финансылык жактан мүмкүн эместигин айтып, ошондой эле аталган мыйзам өзүнө саясий мүнөздү камтый тургандыгын белгиледи. Анын айтымында, ошондой эле парламент долбоорду кароодо регламентти бузган.

Долбоорду кароодо регламент бузулгандыгын эл өкүлү Мирлан Жээнчороев да сынга алды. Анын айтымында, биринчи окууга кароого киргизилбеши керек болчу. Эми күн тартибинен алынып артка чыкырылып кайрадан киргизилиши керек. Ал ошондой эле «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору демократияга каршы келет деп атап, мыйзамдын каржы булагы да так көрсөтүлбөгөнүн айтты.

Мындан сырткары, аталган мыйзам долбоорунда сөз эркиндиги менен «фейктин» ортосундагы айырма жакшы ажыратылбагандыгын депутат Марлен Маматалиев билдирди. Ал белгилегендей, мыйзамдын иштөө механизми көрсөтүлбөгөн жана өкмөттүн кайсы органы тейлей турганы белгиленген эмес.

Мыйзам иштеп баштас,а ал жалаң оппозициячыл адамдарга каршы иштей тургандыгын жана Кыргызстанда соттордун кандай иштей тургандыгы баарына белгилүү экендигин эл өкүлү Жанар Акаев билдирди.

Ал белгилегендей, аталган мыйзам долбоору иштебейт, анткени өнүккөн өлкөлөр да бул мыйзам долбоорунун иштөөсүн камсыз кыла албай келет.

Ошол эле учурда фейктердин аты-жөнүн билбей туруп, алар менен күрөшүү мүмкүн эмес экендигин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, ар бир жаран өзүнүн атын атап туруп каалаган оюн жазууга укуктуу жана атын жашырып ар кимге жалаа жабуу туура эмес экендигин кошумчалады. Ошондой эле мыйзамда сотко чейин ушак же ушак эместигин бир орган аркылуу тактоо туура эместигин баса белгиледи.

Ал эми депутат Умбетаалы Кыдыралиев мыйзам долбоорун колдоп, бардык демократиялык өлкөлөр жалган маалыматтарга каршы күрөшүп жаткандыгын жүйө келтирди. Мындай пикирди депутаттар Камчыбек Жолдошбаев, Евгения Строкова жана Абдумажит Юсуров да билдирди.

Мыйзам чын эле «фейк» аккаунттар менен күрөшөбү же …?

Фейк аккаунттар көбүнчө саясий күрөштө колдонулуп келет. Ар бир саясатчынын «фейк фабрика троллдору» бар. Алар фейк аккаунттарды ачып, адамдарды жалдап, интернетте өзүн мактап, оппоненттерин жамандаганга аракет жасашат. Ошол элде учурда ошол фейк аккаунттар менен иштеп жүргөн саясатчылар «фейк аккаунттар менен күрөшөбүз»деп жүргөнүн көрүүгө болот. Бул эки жүздүүлүк.

Фейк аккаунттардын астында ким тургандыгын табууга Кыргызстанда техникалык мүмкүнчүлүгү жок экендигин жана аталган мыйзамды Орусия дагы ишке ашыра албагандыгын журналист, “Фактчек” порталынын негиздөөчүсү Болот Темиров айтты.

Анын айтымында, мыйзам жөнөкөй эле аты-жөнүн жашырбаган, ой-пикирин жашырбаган жарандарга каршы иштеп калышы мүмкүн.

Бул мыйзам бийликке каршы айтылган пикирлер менен күрөшүүдө аткарылышы толук мүмкүн. Себеби, бийликке каршы пикирлерди белгилүү эле адамдар ачык эле жазат. Эгерде чындап «фейк аккаунт менен күрөшөбүз» десе, анда мурда эле башка мыйзам менен ал аккаунттарды таап, жоопко тартса болот эле. Бул мыйзам соттун чечими жана далил жок эле, жарандардын аккаунттарын жапканга мүмкүнчүлүк берет. Бул түздөн-түз сөз эркиндигине таасирин тийгизет, — деди Темиров.

Эксперт: Эгерде мыйзам кабыл алынса, сөз эркиндигине каршы иштейт.

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам шайлоонун алдында атайын кабыл алынып жаткан мыйзам экендигин Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылдагы шайлоонун алдында дагы экс-депутат Галина Скрипкинанын демилгеси менен «жалган маалымат таратуу» деген берене кирген. Анда, «ММКлар, журналисттер саясатчыларды каралайт» деп ошого каршы мыйзамды кабыл алышкан. Берененин негизинде биринчилерден болуп журналист Дайыр Орунбековго Жазык жоопкерчилиги боюнча иш козголуп, куугунтукка алынган. Бул мыйзам деле ошол сыяктуу максаттарды көздөп жатат.

Мыйзам кабыл алынып калса, сөзсүз түрдө социалдык баракчалардагы саясатчыларга карата айтылган маалыматтар менен күрөшөт. Мени кооптондурганы Ички иштер министрлигинин жана Маданият министрлигин ыйгарым укуктуу орган кылып койгону жакшы көрүнүш эмес. Анткен бул ыйгарым милицияга өтсө, анда баарынын оозу жабылып калат. Азыр көрүп жатканыбыздай, Жазык кодесинин 313-беренеси аябай катуу иштеп жатат. Бирөө оозун ачса эле «касчылыкты козутуу» деп айтып жатышат. Депутаттар мыйзамдын чийки экендиги көрүнүп турса деле эптеп кабыл алууга сүйрөп жатышат , — деди Сооронкулова.

Сооронкулова кошумчалагандай, аталган мыйзам иштей турган деле мыйзам эмес жана эгерде иштеп кетсе, жалаң тандалма, сөз эркиндигине каршы иштейт.

Аталган мыйзам долбоору 2020-жылдын 17- июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынган. Ошондой эле, 19-июнда парламенттик угуулар өткөрүлүп, айрым сунуштар эске алынган. Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ошол эле учурда Бишкекте Ак үйдүн алдына интернетти көзөмөлдөөгө каршы чыккан жарандар, активисттер митингге чыгышты.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, Укук коргоо органдары кантип тескей тургандыгын жана мыйзамды ишке ашыра турчу органдар так көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле учурда жалган маалымат тараткан фейктерге кандай жоопкерчилик боло тургандыгы жазылган эмес. Ал мыйзамдын каржы булагы да так көрсөтүлбөгөн, Финансы министрлигинин өкүлү бул мыйзамга бюджеттен каражат сарпталбай турганын билдирүүдө.

Ал арада социалдык тармактарда бул мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу сунушталып жатат. Гүлшат Асылбаеванын Фейсбуктагы баракчасына жазган постуна социалдык тармактын колдонуучулары нааразычылыгын билдирип, 5 миңден ашык комментарий түшкөн. Ошондой эле «#гюльшатсдаймандат» хештегинин алдында нааразычылыктар күчөп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM