Connect with us

АКШ Сириядагы, Ирактагы кыргызстандык балдарды жана аялдарды өлкөгө алып келүүгө жардам берет

Кыска кабар | 18 Ноя 2024 | 188 | 0

АКШ Сирия менен Ирактагы кыргызстандык аялдар жана балдарды Кыргызстанга алып келүүгө техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу 18-ноябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстандагы Америка Кошмо Штаттарынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулап, саясий диалогго, экономикалык кызматташтыкка, инвестициялык жана гуманитардык маселелерди талкуулган.

Тышкы иштер министрлиги ушул жылдын август айында 2023-жылдан бери Сириядан 121 кыргызстандык мекенине кайтарылганын билдирген.

Сириядан кайтарылган 121 жарандын 36сы аял, 85и балдар. Алар «Айкөл» гуманитардык миссиясынын алкагында мекенине ийгиликтүү алып келинген.

Бул гуманитардык миссия Кыргызстандын мамлекет башчысынын жана Министрлер кабинетинин Кыргызстандын жарандарын мекенине тез арада репатриациялоо боюнча койгон милдеттерине ылайык ишке ашырылды, ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн түздөн-түз колдоосу менен уюштурулган.

Copyright © 2017 Maral FM