Connect with us

Мамлекеттик турак-жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибине өзгөртүү кирди

Кыска кабар | 18 Ноя 2024 | 293 | 0

Президент Садыр Жапаров «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө Жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди.

Бул Жарлык менен мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибине өзгөртүү жана толуктоолор киргизилет. Ал «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому менен «Элдик Банк» ачык акционердик коомунун «Топтомо ипотека» продуктусун ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Турак жайды каржылоо багыттары боюнча ипотекалык кредиттин суммасы:

– “Социалдык ипотека” 4 миллион сомго чейин;

– “Жеңилдетилген ипотека” 4 миллион сомго чейин;

– “Арзан ипотека” 5 миллион сомго чейин.

“Топтомо ипотека” продуктунун алкагында – сатып алынган турак үйдүн наркынан 20 %дан ашык эмес.

“Топтомо ипотека” продуктусу — “Турак жайды үлүштүк куруу” механизмин пайдалануу менен “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында турак жайды сатып алуунун комплекстүү процесси.

Берүү шарттары:

— кыймылсыз мүлктүн алдын ала наркынан 30 пайызы 6 айга банкка депозитке салынат;

— турак жай наркынан 20 пайызы – жылдык 10% менен 5 жылга банктык насыя;

— артыкчылыктары – күрөөнүн жоктугу;

— калган 50%ы – жылдык 8% менен 15 жылга ипотека.

“Менин үйүм” турак жай программасындагы “Турак жайды үлүштүк куруу” механизми боюнча продукт катышуучуларга турак жайды жеңилдетилген шартта, минималдуу баштапкы чыгымдар жана мамлекеттин колдоосу менен сатып алууга мүмкүндүк берүү менен калктын кеңири катмары үчүн аны жеткиликтүү кылат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM