Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Бардык жоготууларды жабуу үчүн өлкөбүз ири ресурстарга ээ эмес

Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 818 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, ишкерликти колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгууну тапшырды.

Кеңешмеде белгилегендей, буга чейин кабыл алынган Өкмөттүн биринчи кезектеги чаралар планы өзгөчө абал режими маалында бизнести сактап калуу жана ишканалардын банкрот болушуна жол бербөөгө багытталган финансы жана салыктык мүнөздөгү кечиктирилгис чаралардын тизмесин камтыйт.

Бүгүнкү күнү Өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес, донордук уюмдар жана ыктыярчылар менен биргеликте масштабдуу иштерди аткарууда.

«Тилекке каршы, бардык жоготууларды жабуу үчүн өлкөбүз ири ресурстарга ээ эместигин баарыбыз түшүнүп турабыз. Ушул жана кийинки жума инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүүдө эң маанилүү. Буга байланыштуу жарандарыбыздан сабырдуу жана жоопкерчиликтүү болууну өтүнөм», — деди Абылгазиев.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бүгүнкү күнү Өкмөт ишканаларды экономикалык жана финансылык колдоонун системалуу чараларын түзүүнүн жана чакан жана орто бизнести колдоонун үстүндө иштеп жатат.

Өкмөт тараптан кыска жана орто мөөнөткө ишкерликти колдоо боюнча чаралардын пакетин бекитүү пландалууда.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча премьер-министр сунушталган чаралардын натыйжалуулугуна жана экономикалык активдүүлүгүнүн калыбына келүү сапатына, алардын бюджеттин ресурстук бөлүгүн аткарууга тийгизген таасирине талдоолорду жүргүзүп чыгууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM