Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Фискалдаштыруу маселесинде биз үчүн бизнестин жана калктын колдоосу маанилүү

Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 522 | 0

Фискалдаштыруу маселесинде биз үчүн бизнестин жана калктын колдоосу маанилүү. Бул таза жана ачык экономиканы колдоо боюнча жалпы элдик акция болушу керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, фискалдаштыруу көп күч-аракетти талап кылган татаал маселе.

«Фискалдаштыруу мыйзам чегинде иштеген ишкерлерди биз колдошубуз керек дегенди билдирет. Бул аткезчилик, контрафакт жана көмүскө экономика менен күрөш. Көп күч-аракет жумшоо керек. Бизди бизнес чөйрөсү, эл колдошу кажет. Бул таза жана ачык экономиканы колдоо боюнча жалпы элдик акция болушу керек», — деди ал.

Премьер-министрдин айтымында, өлкөдө 22 млрд сомго жеңилдик берүү боюнча мыйзамдар бар, анда беренелер көп, лоббирлөө колдоого алынат – бүтүндөй бир тармак бажы төлөмдөрүн жана салык төлөбөйт.

Ал белгилегендей, авто жарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу маселесине тийиштүү чечим кабыл алынды. Ага ылайык мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган унаа камсыздандырылат. Жүргүнчүлүк жана калк пайдаланган башка түрдөгү унааларга карата милдеттүү түрдө камсыздандыруу киргизүү жылдырылат.

Copyright © 2017 Maral FM