Биз менен байланышыңыз

14-августта «Көчмөн бизнес аянтча-2021» аталышындагы иш-чара өтөт

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 413 | 0

ЖИА Бизнес ассоциациясы 14-августта «Көчмөн бизнес аянтча-2021» аталышындагы иш-чара өткөрөт. Бул тууралуу аталган ассоциациядан билдиришти.

Иш-чарада Кыргызстандын 7 дубанынан келген ишкерлер менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ошондой эле туризм багыттарын аймактарда өнүктүрүүнүн жолдору боюнча тажрыйбалуу ишкерлер сунуш-пикирлерин айтышат.

Мындан сырткары акындар Аалы Туткучев, Акбар Кубанычбеков жана башка өнөрпоздор катышкан чакан концерт орун алат.

Иш-чарага катышуу үчүн төмөндөгү номерге байланышыңыздар: 0500 400 200

Copyright © 2017 Maral FM