Биз менен байланышыңыз

Нурбаев билим сапатын жогорулатуу боюнча эки сунуш берди

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Фев 2021 | 906 | 0

Билим берүүнүнүн сапатын жогорулатуу үчүн мектептерге ваучер системасын киргизүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ваучер системасында жашаган аймагы боюнча (айыл, шаар, чек ара) ар бир окуучу үчүн мамлекеттен белгилүү өлчөмдө каражат бөлүнөт. Ата-эне баласын каалаган мектепте окута алат. Окуучу мектеп директору үчүн кардар катары эсептелет да, ал мекеменин шартын оңдоп, билим берүү сапатын жогорулатууга аракет кылат.

Мындан тышкары окуучу 10-11-класста кызыккан кесибине жараша каалаган предметин окушу зарыл.

«Ата-эне, мектеп мугалимдеринин эң чоң кемчилиги окуучуларга кесип тандоодо маалымат бербейт. ЖРТнын жыйынтыгына жараша кесип тандоо туура эмес. Бул маселе үй-бүлөдөн башталышы кажет. Эгерде окуучуларга предметтерди тандоо мүмкүнчүлүгү берилсе, кесип тандоого оң таасирин тийгизет», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM