Биз менен байланышыңыз

Жоодар Сайдилкан бизнесмендердин депутат болушунун себебин айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2021 | 906 | 0

Ишкер Жоодар Сайдилкан «Маралга» берген маегинде өлкөдө ишкердик өкмөткө көз каранды болуп калганын билдирди.

Анын айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө ишкерлер жумуш орундарын түзгөн, салык төлөгөн адам катары бийликке талаптарды коё алат.

Ишкердик дүйнөсү мамлекеттен көз каранды болбой, өзүн-өзү жөнгө салышы керек.

«Бизде ишкер ар бир маселеде мамлекетке көз каранды. Шаардык кеңешке гана эмес, Жогорку Кеңешке да бизнесин коргогон адамдардын келип калышынын бир себеби — ушул. Өлкөдө шайлоо мыйзамдары өзгөрүшү керек. Саясий партиялар каражат табуу үчүн партиядагы алдыңкы тизмелерди сатуу менен алек. Бул да болсо, жаратман интеллигенциянын ордун ишкерлер ээлеп алышына себеп болууда», — дейт Сайдилкан.

Copyright © 2017 Maral FM