Биз менен байланышыңыз

Ишкер: Татарстандын «Ядран» компаниясын дүйнөлүк оператор деп айтууга болбойт

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Апр 2021 | 908 | 0

«Манас» эл аралык аэропортунун башкарууга кызыкдар Татарстандын «Ядран» каржы компаниясын дүйнөлүк оператор деп айтууга болбойт. Бул тууралуу ишкер Жодар Сайдилкан «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын пикиринде, «Ядран» компаниясынын капиталы абдан төмөн. Анын үстүнө аткарган иштеринин туризм, аэропортко эч кандай тиешеси жок. Мындай компаниялардын Кыргызстанга кереги жок.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору түзүлүшү керек. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик долбоорлорун аталган борборго жөнөтүшү шарт. Долбоор экспертизадан өтсө, мамлекеттик орган сынакка чыга берсе болот.

«Тилекке каршы, борбордун башкаруу кеңеши толугу менен өкмөт тарабынан түзүлөт. Адегенде эле өнөктөштүк жок. Эмне үчүн башкаруу кеңешинде бизнестин өкүлчүлүгү жок? Бизнестин мамлекеттин маңдайына теңата болуп отуруусуна мүмкүнчүлүк түзүлө элек. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишкерлердин жана Дүйнөлүк банктын жардамы менен мектеп, оорукана муктаждыгын чечип коюуга мүмкүн. Бирок сырткы эмес, ички инвестор да Кыргызстанга инвестиция салуудан тартынып турат», — дейт ишкер.

Copyright © 2017 Maral FM