Биз менен байланышыңыз

«Көп иштерди сырткы башкарууга берүү керек»

Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 630 | 0

Жалпы мамлекеттик мекемелер өздөрүнө ашыкча функцияларды алып алган. Мэрияларда да көп иштерди сырткы башкарууга берүү керек. Мындай пикирин ишкер Жоодар Сайдилкан «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө бардык иштерди мэриянын «колу» менен чечүү аракети жүрөт. Бирок бул ыкма коррупциялык элементтердин орун алуусуна жол ачат. Эгерде кызматтар сырткы башкарууга берилсе, ачык-айкындык болуп, паракорчулуктан арылууга болот.

«Маселен, ар бир мэр кызматка келген сайын автобус алып келет. Бул — керексиз кадам. Анткени каражат чектелүү. Анын ордуна автобустардын стандартын Европага ылайыкташтырып, маршруттук линияларды ачык конкурс, аукцион менен сатуу керек. Анын негизинде калаадагы транспорт маселесин чечүүгө болот», — дейт Сайдилкан.

Copyright © 2017 Maral FM