Биз менен байланышыңыз

«Аэропорт сырткы башкарууга берилсе, кошумча аба жолдору ачылат»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Апр 2021 | 1095 | 0

Ишкер Жодар Сайдилкан «Маралга» берген маегинде аэропортторду сырткы башкарууга берүү замандын талабы экени билдирди.

Ал жадагалса эң бай мамлекеттер да аэропортторун сырткы башкарууга берип жатканын мисал келтирди. Маселен, Тбилиси шаарында аба майдан сырткы башкарууга берилген соң жүргүнчүлөрдүн саны 15 эсе өскөн.

«Аэропортту башкарууга келген компания өзү менен кошо аба жолдорун да ала келет. Бул жаңы багыттарды ачууга мүмкүнчүлүк түзөт. Аэропорт сырткы башкарууга берилсе, мүлк чет элдик компанияга өтүп кетпейт. Мамлекет тиешелүү кирешелерди алып турат, компания аэропорттун инфраструктурасын оңдоп, башкарууну натыйжалуу жүргүзөт», — дейт ишкер.

Анын айтымында, мамлекеттик мүлккө караганда жеке менчик мүлк көп болгон өлкөлөр өнүгүүдө. Анткени жеке сектор мүлктү жакшы башкарат. Мындан улам мамлекет жарандарына атаандаш болуудан арылышы керек.

Мамлекет билим берүү, саламаттыкты сактоо жана коопсуздук маселерин гана мыкты жөнгө салышы кажет. Ар бир тармакта жеке менчиктин иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк түзүп бериши абзел.

Дүйнөдө аэропорттор стратегиялык объекттен чыккан. Ал эми Кыргызстанда стратегия жок, бирок стратегиялык объектилер бар.

Copyright © 2017 Maral FM